

Педфактын студенттери үчүн америкалык профессор онлайн вебинар өттү
24.11.2017 09:08
2017-жылдын 23-ноябрында башкы имараттагы Азиз Санжар атындагы_кыргыз-түрк ресурстук борборунда педагогика факультетинин студенттери үүн «Англис тилиндеги бизнес жазуу проектиси жана ага байланыштуу иш кагаздары»_аттуу онлайн лекция өтүлдү. Сабакты Вашингтон шаарындагы Америка университетинин лектору, профессор Бен Тейлор англис тилинде өтүп, иш кагаздарды туура жазуу маселелери боюнча айтып берди.
Бул иш-чаранын максаты - эл аралык кызматташтыкты арттыруу, өркүндөтүү жана ишкерлик, бизнес чөйрөсүндөгү иш кагаздардын иштелмелеринин орфографиялык принциптеринин негиздерин жана жалпы эрежелер системасын үйрөнүү болду.
Онлайн вебинардын милдети - студенттерди Америка университетинин иш кагаздарды окутуу ишмердиги менен тааныштыруу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Иш-чара факультеттин филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасы тарабынан уюштурулду.