Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педагогика факультетинин 1-курстары үчүн «Тушоо кесүү» кечеси болуп өттү

2017-жылдын 14-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика факультетинин 1-курстары үчүн «Тушоо кесүү» кечеси болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев жана факультет деканы Рахат Сулайманова_катышып, студенттерди майрамы менен куттуктап, окууларына чон-чоң ийгиликтерди каалашты.

Жыйындын жүрүшүндө «Эң алдынкы студент», «Мыкты староста», «Үлгүлүү студент» деген номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды:

  • Коконбай кызы Акжолтой - «Эң алдыңкы студент»
  • Шаршенова Аниса - «Эң алдыңкы студент»
  • Кабулбекова Кундуз - «Эң мыкты староста»
  • Аманбек кызы Мээрим - «Эң мыкты староста»
  • Мансурова Малика - «Ардак громата» (коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн)
  • Талайбек кызы Жазгүл - «Ардак громата»_(коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн).

1-курс студенттери ант берип, аларга символикалуу «Билим ачкычы» жана «Сынак китепчеси» тапшырылган соң, "Тушоо кесүү" аземи чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерт менен улантылды.

05

06

Коконбай кызы Акжолтой