

Курактык психологияга саякат
18.11.2017 12:56
2017-жылдын 16-ноябрында педагогика факультетинин окутуучусу Качкын уулу Алтынбек Пед-1-16 группасынын студенттери үчүн «Курактык психологияга саякат» аттуу темада ачык сабак өттү. Жыйынтыктоочу, бышыктоочу форматта өтүп, психикалык өнүгүүнүн түйүлдүктөн тартып мектепке чейинки мезгили каралган сабакка катышкан мугалимдер студенттер талкуу, суроо-жоопко активдүү катышты.
Сабакта баланын психикалык өнүгүүсү презентация, оюн жана пантомима аркылуу баяндалып, балдардын агрессивдүүлүгү, гиперактивдүүлүгү жана тынчсыздануусу каралды жана арт, жомок жана музыка терапияларынын алардын психикалык өнүгүүсүндөгү орду жана мааниси практика түрүндө көрсөтүлдү.
Сабактын соңунда мугалимдер өтүлгөн темалардын маанисин баса белгилешип, мындай форматтагы сабактарды көбүрөөк өтүүнү сунушташты.
Кабылбекова Кундуз -_Пед-1-16 группасынын старостасы