Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККЖжКДФ алдындагы колледждин жамааты карылар үйүнө барышты

2017-жылдын 17-ноябрь күнү саат 10:00дө кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин_алдындагы колледждин мугалимдери жана студенттери кайрымдуулук жасоо максатында_Ахунбаев/Абай көчөсүндөгү карылар үйүнө барышып, ал жердеги чоң ата, чоң энелерге концерт көрсөтүшүп, аларга жагымдуу маанай тартуулашты.

Колледждин студенттери куру келбей, карыларга белек-бечкек, ар кандай таттууларын беришип, аларга жакшы атмосфера түзүп, маанайларын көтөрүштү жана имараттын айлана-тегерегин тазалап, баарын кубандырышты.

Карылар үйүнүн директору Абдылдаева Эркингүл студенттерди жылуу кабыл алып, карылар үйүндөгү жашоо шарт менен тааныштырды, ал эми ал жердеги чоң ата, чоң энелер_студенттерге насаат-кеңештерин айтышты.

Белгилеп кетсек,_ККЖжКД факультетинин_алдындагы колледждин мугалимдери жана студенттери мындай_иш-чараны жыл сайын уюштуруп келет.

press knu 2017