Бейшемби, Март 05, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Өткөндөн сабак алмайын, алдыга озуна албайсын

2017-жылдын 16-ноябрь күнү физика жана электроника факультетинде профессор Эсенбек Мамбетакуновдун демилгеси менен Жусуп Баласагындын жаркын элесине арналган концерттик программадагы кече өткөрүлдү. “Өткөндөн сабак алмайын, алдыга озуна албайсын” демекчи, жаштарды өткөн муунду урматтоого чакыруу максатын көздөгөн иш-чараны факультет деканы С. Токтогонов ачып, бул иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи жана Э.Мамбетакуновго терең ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң окуудагы эң жакшы жетишкендиктери жана университеттин, факультеттин коомдук иштерине активдүү катышкандыктары үчүн факультеттин 5 студентине_1000 сомдон_“Койчуманов Маамет атындагы стипендия” ыйгарылды.

Кечени уюштурууда акыл-насаатын айтып, кеңешин берген профессор Эсенбек Мамбетакунов өз сөзүндө “Жусуп Баласагындын наамын алып жүргөн_университетибизден анын эстелиги жана бирин-экин учкул сөздөрүнөн_башка ага тиешелүү болгон эч нерсе жолуктура алган жокмун. Бул мен үчүн абдан аянычтуу көрүнүш. Мына бул кечени өткөрүү менен биз башкаларга үлгү болушубуз керек. Бул кечени өткөргөндөн кийин токтоп калбай, мындан ары да бир күндү “Баласагын күнү” деп белгилеп, кечелерди өткөрүп турсак дурус болот эле” – деп жыйынтыктады. Ал эми доцент Б.Жумабаев, ага окутуучу А.Каныбеков ж.б. бир катар мугалимдер каалоолорун айтышып, Эсенбек агайга ыраазычылыгын билдиришти.

Салтанатта_факультеттин улуу курстары тарабынан даярдалган “Куттуу билим” чыгармасын кантип жана кандай максатта жазгандыгы туурасында театрлаштырылган сценка аткарылды. Анда улуу аалым, даанышман жана ойчул Жусуп Баласагындын өмүр-таржымалы баяндалып, тарбиялык маанидеги учкул кептери көркөм окулду. Обондуу ырлар жаңырып,_кымча бел кыздfр тегеренип бийлешип, концерттик программа менен коштолду. Ага кошумча залдагы катышуучуларга Баласагындын чыгармаларына байланыштуу жана өмүр-чыгармачылыгына байланышкан суроолор берилип, жооптор алынып, айтор, көрүүчүлөрдү өздөрүнө тартышты.

Соңунда декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бакирова Элизат терең урматтоо менен профессор Эсенбек Мамбетакуновичке, факультеттин жалпы жамаатына жана салтанатты даярдаган студенттерге, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

01

02

03

04

05

Бакирова Элизат - декандын тарбия иштер боюнча орун басары

Курманбеков Нурахим – жаштар комитетинин мүчөсү