

Журфактын 1-курс студенттерин “Тосуп алуу” аземи болуп өттү
17.11.2017 18:19
2017-жылдын 17-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультети “Студенттер” күнүн утурлай 1-курстун студенттерин “Тосуп алуу” аземин өткөрдү.
Факультет деканы Айна Дуйшекеева студенттерди куттуктоо менен бирге, мааракенин коногу, KG групп компаниясынын башчысы Имамидин Ташов менен биргеликте_үстүбүздѳгү жылы окуусун аяктаган бүтүрүүчүлѳргѳ дипломдорун тапшырды.
4-курстун студенти Сагын Эргешбай уулу жаңыдан студенттик жашоону баштаган_1-курстун студенттерине (Тынчтыкбек Сейитказиевге)_“Сынак китепчесин”_тапшырды. Андан тышкары жылдын мыкты, иштерман, чыгармачыл, илимпоз, активдүү студенти деген номинациялар боюнча да бир катар студенттер дипломдор менен сыйланышты. Алар: Кенжебек кызы Тахмина, Аскат уулу Бекболсун, Элдияров Илгиз, Попов Дмитрий, Султанов Арсен.
Мааракенин концерттик бөлүгүндө ыр, бий, тамаша, кызыктуу оюндар гана көрсөтүлбөстөн белгилүү ырчылар да келип, өнөрлөрүн көрсөтүштү.
P.S.
Журналистика факультети 1-курстун студентерине алдыңкы келечегине ийгиликтерди, чыгармачылык активдүүлүктү, жаратмандыкты жана бактылуулукту каалайт!
Биздин факультетке кош келиңиздер!
Жылдыз Туратбекова