

КЕФтин студенттери Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүштү
16.11.2017 18:45
2017-жылдын 16-ноябрында кыргыз-европа факультетинин студенттери Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий-музыкалуу кече өткөрүштү. Иш-чарага_«Кыргыз тили» коомунун президенти Райымжан Курбанов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев (Алахан), о.э_факультеттин деканы, окутуучулары жана студенттери катышты.
Студенттер улуу жазуучунун чыгармаларынан монологдорду окушуп, сценкаларды көрсөтүштү жана ыр-бийлерди аткарышты.
Жазуучунун_"Кылым карытар бир күн" романы боюнча даярдалган "Манкурт" сценкасы залдагы көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Айрыкча, "манкурт" атка конгон Жоламандын апасы Найман эненин ролун ойногон студент кыз эсте калды. Анткени, ал өз ролун чыныгы актрисалардан кем калтырбай аткарды. Сценка бүтөөрү менен шатыраган колдор чабылып, көрүүчүлөр студент кызга өз бааларын беришти._Калган студенттер да андан кем калышкан жок.
Кеченин соңунда_«Кыргыз тили» коомунун президенти_Райымжан Курбанов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев сөз сүйлөшүп, факультеттин студенттерине бүгүнкү кече үчүн рахмат айтышып, окуудагы ийгиликтерди каалашты.
Факультет деканы Ызатбек Береналиев келген меймандарга жана өнөрүн көсөткөн студенттерге, өзгөчө_адабий-музыкалуу кечени уюштурган факультеттин ага окутуучулары Шавралиева Гүлбарага жана Жапарова Жамийлага терең_ыраазылыгын билдирди.
PS:
Чынгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда_80 жашында_бул өмүр менен кош айтышпаганда, быйыл 12-декабрда 89 жашка толмок. Ал өз чыгармалары аркылуу окурмандарга боорукерлик, кайрымдуулук, чынчылдык, айкөлдүк сыяктуу асыл сапаттарды берүүгө аракет кылды._Көзү тирүү болсо дагы канчалаган улуу чыгармаларды жаратмак...