

ККЖжКД факультетинин жамааты «Талант жана тагдыр» спектаклин көрүп келишти
16.11.2017 13:47
2017-жылдын 15-ноябрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы гимназиянын окуучулары, маалымат-технологиялар колледжинин студенттери окутуучулар менен бирге Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына барып, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкееванын турмушуна жана чыгармачылыгына арналган «Талант жана тагдыр» аттуу спектаклин көрүп келишти.
Спектаклдин соңунда факультет жамааты театрдын актерлору менен жолугушуп, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Бул маданий иш-чара факультет менен театрдын ортосунда түзүлгөң келишимдин негизинде уюштурулду.
Бейшеналиева Бермет - факультеттин менеджери