

ИИМ өкүлдөрү юрколледждин студенттерине СПИД, насвай жана спайс тууралуу маалымат беришти
16.11.2017 12:34
2017-жылдын 15-ноябрь күнү ИИМдин наркотикке каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Таапай Субаналиев,_врач Солпуева Айгүл жана_Таабалдиева Чолпон эже_юридикалык колледждин 1-курс студенттери менен_менен жолугушуу өткөрүп, СПИДдин жугуу жолдору, насвайдын зыяндуулугу жана спайс тууралуу маалымат беришти.
Насвайдын жасалышы тууралуу ролик көрсөтүлгөндөн кийин, Таабалдиева Чолпон эже анын_зыяндуу экендигин түшүндүрүп, зыян экенин билип турса да, насвайды оозунан түшүрбөгөн, ошол нерсеге муктаж болуп калган адамдар тууралуу айтып берди. Ал о.э. наркотиктин бири болгон спайс жөнүндө ролик көрсөтүп, студенттерди мындай жолдон алыс болууга үндөдү.
Врач Солпуева Айгүл СПИДдин_жугуу жолдору, көбүнчө кандай адамдар жабыркашы, анын өмүргө коркунуч келтирген, кан аркылуу жугуучу оору экендин айтып, атайын даярдапган роликти студенттерге көрсөтүп, түшүндүрүп берди.
Анарбекова Бегимай - тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координатору