

Коррупцияга жол жок!
16.11.2017 09:37
2017-жылдын 15-ноябрь күнү 6-окуу имаратындагы 7-дарсканада физика жана электроника факультети_9-декабрда белгиленүүчү "Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата»_жыйын өткөрдү._Билим берүү жана илим министрлигинин 31-октябрдагы №02-7/6285 катынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө студенттер «Паракорчулук маңкуртчулукка алып келет»_деген темада_театрлаштырылган чакан сценка тартуулашып, айылдан келген студенттин кыйынчылыкка учураганын көрсөтүштү.
Ал группадагы алдыңкы студент эле. Бирок, калган студенттердин окууга болгон жөндөмдүүлүктөрүнүн начар болгондугу аны да артка тартты. Сабак окубагандыктарынан, мугалимге пара берип бүтүрүүнү туура деп чечишти. Айылдан келген студенттин мүмкүнчүлүгү жок эле, себеби атасы оорулуу, досторунан жардам ала албайт эле. Аргасы жок ууру кылуу жолуна өтүп, 3 жылдык мөөнөткө соттолуп кетти.
Сценкадан кийин студенттер арасында терең талкуу жүрдү. Факультет деканы, доцент Токтогонов С.А., доцент Исмаилова Г.Д. өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, студенттерди жакшы окууга үндөштү.
Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Э.М. негизинен ФжЭ факультетинде коррупция жок экенин белгилеп, эгер бар болсо - жашыруун үкөкчөгө сунуш пикирлерди жазууну сунуштады. Андан ары ал "Комиссия карап чыгалы, чара колдонолу. Албетте, алгач коррупция менен күрөштү ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Көрсөтүлгөн сценка силерге таасир калтырды деп ойлойм. Аткарган студенттер азаматсыңар, жогорку деңгээлде жеткире алдыңар! Сабак калтырбагыла, жакшы окугула, окууга деген ой-сезимдериңер күчөсүн", -_деген каалоосун айтты.
Жыйында окутуучу-мугалимдер студенттер менен биргеликте коррупцияга каршы_үгүт ишерин жүргүзүлө берээри баса белгиленди.
Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Курманбеков Нурахим – жаштар комитетинин мүчөсү