Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

6-имаратта жайгашкан факультеттердин студенттерине «Жолдо жүрүү эрежелери» боюнча чогулуш өткөрүлдү

2017-жылдын 14-ноябрында 6-окуу имаратынын 113-дарсканасында аталган имаратта жайгашкан факультеттердин студенттери үчүн «Жолдо жүрүү эрежелери» боюнча чогулуш өткөрүлдү. Кыргызстанда жол кырсыктары азайбастан, тескерисинче күн сайын_өсүп жаткандыгы, болгондо да өлүм кырсыктары болгондугу бизди терең кайгыртат. Ошондуктан, алардын алдын алуу максатында аталган жыйын өткөрүлдү.

Тарбия иштери боюнча математика жана информатика факультетинин деканынын орун басары Рахманкулов Б. студенттерге ден соолук жана окууларына ийгилик каалоо менен, жалпы жоболорду, жөө адамдардын укуктарын жана милдеттерин, жүргүнчүлөрдүн милдеттерин айтып берди. - Светофордун ар бир жарыгы өзүнчө символдук мааниге ээ. Жашыл жарык_- бул өзү жаштыктын жана жашоонун, ден соолуктун, ошондой эле жашоодогу жолуң ар дайым ачык деген символду билдирет. Сары жарык_- бул адамды бөөдө кырсыктан сак болууга, жашоодо ар бир адамдын кылдат жашоосуна багыт берүүчү символдук белги болуп саналат. Ушул эрежелерди туура сактоого силерди чакырат элем, - деп өз сөзүн аяктады.

Тарбия иштери боюнча физика жана электроника факультетинин деканынын орун басары Бакирова Э.М.

- : Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин жакшы билүүгө тийишпиз. Көчөдө басуу өтө деле кыйын эмес, бирок шаардагы көчөлөрдөгү автомобилдер, автобус, троллейбустар тынымсыз ары-бери өтүп турушун баарыбыз көрүп, билип жүрөбүз. Мына ошол тынымсыз жүргөн түрдүү машиналардан этият (сак) болууга үйрөтүү - баарыбыздын милдетибиз. Андыктан жол эрежесин окуп үйрөнүп, аны ар дайым так сактоо биздин милдет. Көчөдө бара жатканда шашпай, жолдун чети менен басуу туура. Адамдар автобуска же троллейбуска түшкөндө арткы эшигинен кирип, алдыңкы эшигинен түшүү керек. Көчөдө бара жатып көчөнүн бир жагынан экинчи жагына өтүүдө ар дайым эки жакты карап өтүү зарыл. Шаар жергесинде жүргөндө атайын жөө адам өтүүчү белгилерден же болбосо светофордон жана жер астындагы өтүүчү жолдордон өтүү керек. Биз жөө жүрүү эрежесин так билбесек, анда жол эрежесин бузуп, көптөгөн кырсыкка кабылып өзүбүздүн өмүрүбүзгө, ден соолугубузга жана машина айдоочуга зыян алып келебиз. Силерге ден соолук каалайм, окууңарга ийгилик жана жолдо жүрүү эрежесин өзүбүздөн баштайлы.

Тарбия иштери боюнча география, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары Муханбет у. С.:

- Айдоочуларда жол эрежелерин сактоо маданияты калыптана элек. Тиешелүү мекеме айдоочулар бул маселеге көңүл бура баштаганын, бирок көйгөй дагы деле жоюла электигин билдирүүдө. Бишкектеги жөө жүргүнчүлөр өтө турган кунары кеткен чаар сызыктар соңку жылдары жаңыланды. Бирок ал жол кырсыгына байланышкан көйгөйдү толук чечкен жок. Жол эрежесин_урматтап, жөө жүргүнчүгө тоскоолдук кылбоо дагы маданият. Бирок, айдоочулар жарыша айдап, мындай талапты аткарбайт. Жол кырсыктарынын курмандыктары саны жагынан оорудан улам көз жумгандардан кийинки эле орунда турат. Биз дагы жол кырсыгына кабылбоо үчүн жол эрежесин сайтайлы.

Студенттер да туура кабыл алып, өзүбүздөн баштайлы деп каалоо ирээтинде сунуштарын айтышты.

01

03

Бакирова Э.М. -_ФжЭФ деканынын тарбия иштери боюнча_орун басары