

"Жаңы муун" дебаттык клубунун бир жылдыгы белгиленди
10.11.2017 17:43
Башкы имараттын чоң жыйындар залында математика жана информатика факультетинде түзүлгөн «Жаңы муун» дебаттык клубунун бир жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Бишкектеги ЖОЖдордон 12 дебаттык клубдун мүчөлөрү келишип, аларды факультет деканы Темиров Бекжан куттуктады.
Жаштарды өз укугун билүүгө, аудитория алдында аргументтүү, кооз жана чечкиндүү сүйлөөгө, чечендик өнөрдү өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүунү максат кылган дебаттык турнирди_өткөрүүгө мамлекеттик ишмер, «Эл-проект» фондунун жетекчиси Жолчубаев Жаманкул жана «Даткайым» фондунун директору Бекмырзаева Салтанат демөөрчүлүк кылышса, аны_жогорку деңгээлде өткөрүүгө уюштуруу тобунун жетекчиси, факультеттин окутуучусу Асанкулова Айпери, студенттик кеңештин төрагасы Турганбаев Бексултан жана аталган клубдун координатору Аяттила кызы Дилфуза өзгөчө салымдарын кошушту.
Урматтуу КУУнун студенти!
Эгерде сахнанын коркунучун жеңип, ой өрүшүңдү өркундөтөм, лидерлердин бири болом десең, анда «Жаңы муун» дебаттык клубуна келип, биздин катарга кошул._Позициясы күчтүү, өз идеяларын коомчулукка жеткире билген жаштарды күтөбүз.
Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары