Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын 1-курс студенттерин "факультетке кошуп алуу аземи" өткөрүлдү

Башкы имараттагы чоң жыйындар залында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттерин «Тосуп алуу» аземи болуп өттү. Студенттерди_КУУнун илимий иштер боюнча боюнча проректору Асылбек Чекеев_жана факультет деканы Бекжан Темиров бүгүнкү майрам менен куттукташып, окууларына йгиликтерди каалашты жана келечекте Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштууларынан болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин айтышты.

Студенттик кеңештин төрагасы Турганбаев Бексултан жана старосталар кеңешинин төрагасы Асылбеков Кемел 1-курс студенттерин факультетке кошуп алуу аземин өткөрүп, студенттер ар тараптуу билимдерин жана тажырыйбаларын Кыргызстандын өнүгүусүнө колдонууга, эл аралык жаштар достугун бекемдөөгө, улуттар арасындагы диний пикир келишпестиктер менен күрөшүүгө, кыргыз студенттеринин салттарын көбөйтүп, аяр мамиле кылууга ант беришти.

Кеченин экинчи бөлүгү концерттик программа менен уланып, факультеттин активист студенттери өз таланттарын көрсөтүштү.

Бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө 2-курс студенттери Шамов Азамат жана Аяттила кызы Дилфузанын өзгөчө салым кошушту.

Урматту Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенттери, турмуш жолуна салган кадамынар байсалдууболсун!

01

02

03

04

06

07

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын_орун басары