

ККДжКЖ факультетинде 1-курс студенттери менен гимназисттерди тосуп алуу аземи өткөрүлдү
04.11.2017 11:01
2017-жылдын 31-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы колледждин 1-курс студенттерин жана гимназиянын 10-класс окуучуларын тосуп алуу аземи өткөрүлдү.
Факультет деканы Алайбек Шамшиев,_колледждин жетекчиси Жалил Солтонбеков жана гимназия башчысы Гульназ Нуралиевалар куттуктоо сөздөрүн айтышып, студенттер менен гимназисттердин окууларына чоң ийгиликтерди каалап, тайпалардын кураторлоруна жана старосталарына сынак китепчелерин_тапшырышты.
Андан ары салтанаттуу азем концерттик программа менен уланып, «Эмне? Качан? Каякта?» деген сынакта 11-класс окуучуларынын_гимназия тууралуу билими текшерилип, жеңүүчүлөр белекке ээ болушту. Концерт учурунда о.э. лоторея ойнотулуп, окуучулар да, мугалимдер да белектерди утуп алышты, ырлар ырдалып, бийлер_бийленип, концерт абдан жогорку деңгээлде өткөрүлүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Концерттин соңунда окуучулар ант беришип, чыныгы гимназист жана студент наамына ээ болушту.
Гимназиянын окуучуларын_тосуп алуу аземи
Колледждин студенттерин тосуп алуу аземи
Бейшеналиева Бермет - факультеттин менеджери