

Физика жана электроника факультетинде 1-курстарды тосуп алуу аземи болуп өттү
09.11.2017 18:11
2017-жылдын 3-наябрь күнү физика жана электроника факультетинде 1-курстарды тосуп алуу аземи (посвящение) болуп өттү. Иш чарага атактуу окумуштуулардын катарын толуктаган айтылуу эл мугалими профессор Эсенбек Мамбетакунов конок болуп, өз каалоосун айтуу менен бирге кенже курстун студенттерине илим менен билимдин ачкычын тапшырды._Факультет деканы Токтогонов Самат агай өз колу менен студенттерге белектерди тапшырып, жан дүйнөнү эзилте турган сөздөрдү айтты.
Андан соң майрамдык концерт башталып, кымча бел кыздардын бийи аземдин_көркүн_бир жагынан ачса, бир жагынан кыяк менен созулган обондуу ырлар ачты. Келген кадырлуу коноктордун көңүлүн ачуу үчүн 1-курстардан жана 3-курстардан даярдалган шайыр жаштар өздөрүнүн күлкүлүү окуяларын тартуулап беришти. Отурган элдин да көңүлү көтөрүнкүү экендиги алардын көдөрүнөн жана залды жаңырткан кол чабуулардан билинип турду.
Салтанат конкурстук оюндар менен коштолуп, жеңүүчүлөрүнө белектер берилди. Ар башталган иштин бүтүшү бар демекчи, кеченин да соңу келип, декандын тарбия иштер боюнча орун басары Бакирова Элизат каалоо айтып, концертти жапты.
- Бакирова Элизат – тарбия иштери боюнча декандын_орун басары
- Курманбеков Нурахим – жаштар комитетинин мүчөсү