Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Азыркы масс-медиага кандай журналисттер керек?

2017-жылдын 3-ноябрь күнү башкы имараттагы 205-аудиторияда журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасы тарабынан 7-ноябрь - Басма сөз жана маалымат күнүнө карата_уюштурган “Азыркы масс-медиага кандай журналисттер керек?“ деген темада тегерек стол болуп өттү.

Жыйындын максаты - практик журналисттер менен журналистика багыты боюнча окутуучулар ортосунда азыркы журналистиканын көгөйлөрү боюнча_пикир алышуу болду.

Иш-чарага_К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен,_Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен,_Борбордук Азиядагы Америка университетинен,_Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинен өкүлдөр, о.э. белгилүү журналисттер_Айнура Кабатай кызы, Бактыгүл Мундузова, Таалайгүл Чабдарова жана Чынар Капаровалар катышты.

Жыйынды факультет доценти Халилов Абдыганы Дарманбекович ачып, катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Тегерек столдун жүрүшүндө 1-курстар тарабынан даярдалган слайд-шоу көрсөтүлүп, андан кийин БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова,_КТМУнун коммуникация факультетинин деканынын орун басары Абды Сатаров,_КУУнун журналистика факультетинин деканы Айна Талгарбекова жана журналисттер “Азыркы масс-медиага кандай журналисттер керек?“ деген маселе боюнча өз ой-пикир, сунуштарын айтышты.

press knu 2017