Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Белгилүү акын Айбек Түмөнбаевдин чыгармачыл кечеси болуп өттү

2017-жылдын 2-ноябрында башкы имараттагы 248-кабинетте белгилүү акын, журналистика факультетинин окутуучусу Айбек Түмөнбаевдин чыгармачыл кечеси болуп өттү. Иш-чарага факультеттин окутуучулар жана студенттер жааматы, о.э. Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Жылдыз Акаева келишти.

Кеченин расмий бөлүгүндө журналистика факультетинин_таланттуу студенттери тарабынан Айбек Түмөнбаевдин дүйнө, өмүр, сүйүү, ата-эне, ата журт, жашоо түрмөктөрүн камтыган ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлар аткарылды. Андан тышкары декан Айна Дуйшекеева баш болгон факультеттин жамааты куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жылдыз Акаева 2002-жылдан бери Жазуучулар Союзуна мүчө болуп келген акынды чыгармачылык кечеси менен куттуктап, “Алтын калем” ардак диплому менен сыйлады.

Агайдын туулган күнүнө карата журналистика факультетинин студенттери атайын стенддерди жасашты.

P.S.

2-ноябрь күнү Айбек Рабаевич 56 жашка чыкты. Журналистика факультетинин жамааты агайга чың ден соолук, жаркын маанай, эч нерседен кем болбой жашаңыз. Жашооңузда түйшүгүңүз аз, куунак күндөр көп болсун, ар бир тилеген тилегиңиз орундалсын. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпей, кирешеңиз уучуңузга толуп, иштеген ишиңиз жаңы ачылыштарга дем берсин. Дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктайбыз!

Жылдыз Туратбекова