

Театр - жашоо күзгүсү
30.10.2017 14:32
2017-жылдын 25-октябрь күнү_лабораториялык имараттагы №221-кабинетте математика жана информатика факультетинин студенттери менен Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Эгемберди Чалабаев жана анын_орун басары Айгерим Ногоева менен жолугушуу болуп өттү.
Андан кийин, факультет деканы Бекжан Темиров жана КМЖКТ директору Эгемберди Чалабаев атайын иштелип чыккан келишимге кол коюшту. Документтин негизги максаты – жаштардын маданиятка жана искусствого болгон кызыгуусун өркүндөтүү, ар кандай_фестивалдарды, сынактарды, концерттерди жана конференцияларды биргелешип өткөрүү.
Директордун орун басары Айгерим Ногоеванын_айтымында, театрдын репертуарындагы бардык оюн-зооктор факультеттин студенттери учун 50 сомдон деп белгиленди.
ÂÂ
Кемел Асылбеков – факультетти студенттер кеңешинин төрагасы