

Педагогикалык факультетте Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленди
30.10.2017 14:14
2017-жылдын 28-октябрында педагогикалык факультеттин алдындагы кесиптик-педагогикалык колледжде табиятынан сейрек жаралган талант, Ала-Тоо элине аттын кашкасындай ашкере таанымал керемет акын Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган «МидинАлыбаев – чебер лирик, курч сатирик» аттууадабий-музыкалык кече болду.
Иш-чара акындын 100 жылдык мааракесин белгилөө менен бирге студенттерге таанып-билүүчүлүк жана таалим-тарбиялык сабак берүү максатында окутуучулар Адилет Самсалиев, Кундуз Токтоева жана Кенжайым Мадиярова тарабынан уюштурулду.
Кеченин ачылышында акындын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. Аны улай, Мидиндин атуулдук жана махабат лирикалары жөнүндө окутуучу Адилет Самсалиев, сатиралары жана башка чыгырмачылыгы тууралуу улук окутуучу, адабиятчы Улан Турдалиев жана акындын ар кыл турмуштук окуялары тууралуу окутуучу Эрлан Жыргалбек уулу баяндама жасады. Алар Мидин Алыбаевдин кыргыз адабиятындагы чолпон жылдыздай жанып турган бийик жана жарык ордун так көрсөтүп, чебер лирик, курч сатирик экендигин айкын ачып беришти жана:
“Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,
Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле.
Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт,
Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!”
–_деп_Мидин Алыбаевдин шакирти, айтылуу акын Байдылда Сарногоев айткандай, кыргыз адабиятындагы сейрек жаралган талант экендигин белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө мындан тышкары студенттер тарабынан акындын лирикалары жана сатиралары көркөм окулуп, кыргыз композиторлору жана обончулары тарабынан жаралган “Тянь-Шань”, “Ойлончу”, “Сага” сыяктуу обондуу ырлары жаңырды.
Адилет Самсалиев – педагогикалык факультеттин окутуучусу