Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физика жана электроника факультетинин студенттери Ч.Айтматовду эскеришти

2017-жылдын 26-октябрында физика жана электроника факультетинин ФБ-1-15,_ФБ-2-15 группаларынын студенттери декандын тарбия иштери боюнча орун басары Э.Бакирова жана группанын куратору Г.Исмаилова менен биргеликте "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексиндеги Чынгыз Айтматовдун күмбөзүнө барып,_залкар жазуучунун жаркын элесин эскерип куран окушту жана гүлчамбар коюп келишти.

Декандын орун басары Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары боюнча кыскача маалымат берди. Анын айтымында, жазуучунун психологиялык, философиялык жагдайлар менен каармандардын жан дүйнөсүн, алардын ортосундагы конфликттерди чагылдырган «Ак кеме», согушту жек көрүү жана тынчтыкта жашоо проблемасын козгогон «Саманчынын жолу», махабат темасын козгогон «Жамийла» повесттери, бир адамдын адамзат алдындагы жооптуулугу, милдеттүүлүгү жана парзы баяндалып, элдерди тынчтыкта, ынтымакта жашоого чакырган «Кылым карытар бир күн» романы_бүгүнкү күндө_дүйнөлүк окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына, дүйнөлүк маданияттын орток кенчине айланган.

Группанын куратору Г.Исмаилова Чынгыз Айтматов 2008-жылдын 11-июнунда 80 жашында_бул өмүр менен кош айтышпаганда, быйыл 12-декарда 90 жашка толмок экенин эскерди. Анын айтымында,_Ч.Айтматовдун чыгармачыл мурасына баа берүү өтө оор. Ал өз чыгармалары аркылуу окурмандарына боорукерлик, кайрымдуулук, чынчылдык, айкөлдүк сыяктуу асыл сапаттарды берүүгө аракет кылган.

Студенттер Ч.Айтматовдун бир нече чыгармаларына токтолушуп, көзү тирүү болсо улуу жазуучу дагы канчалаган чыгармаларды жаратмак деп эскеришти.

01

02

06

  • Бакирова Элизат - nарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Курманбеков Нурахим - ;аштар комитетинин мүчөсүÂÂÂ