

Математика жана информатика факультетинде «Жаңы муун» дебаттык клубу ачылды
16.10.2017 10:40
2017-жылдын 13-октябрында 6-окуу имаратынын 228-дарсканасында математика жана информатика факультетинин студенттери үчүн «Жаңы муун» дебаттык клубу өз жумушун баштады.
«Манас» радиосунун диджейи, көрүнүктүү дебатчы Жоомарт Шайдылдаев 1-курстун студентерине дебат тууралуу кененирээк маалымат берүү үчүн_тренинг өтүп, студенттер америкалык жана британиялык парламенттик форматтарда дебат өткөрүүнү үйрөнүштү.
Тренингди өткөрүүнүн негизги максаты - факультет студенттерин_жакында боло турган ЖОЖ студенттеринин арасындагы дебаттык турнирге катышууга_даярдоо.
Эске салып кетчү нерсе, «Жаңы муун» дебаттык клубу 2017-жылдын 28-февралында_3-курс студентти Усаров Нурмухаммед жана Аятилла кызы Дилфузанын жетекчилиги астында түзүлгөн.
Бексултан Турганбаев - факультеттин студенттик кенешинин төрагасы