Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Математика жана информатика факультетинде карылар күнү белгиленди


Математика жана информатика факультетинде карылар күнү белгиленди
19.10.2017 10:27
Лабораториялык корпустун №217-дарсканасында математика жана информатика факультети карылар күнүнө арналган «Карысы бардын ырысы бар» аттуу кече өткөрдү. Факультет деканы Бекжан Темиров иш чараны ачып жатып,_улууларды сыйлоо - эзелтеден келе жаткан салт экенин жана бул жөрөлгө эч качан өчпөсүн белгиледи.
Кеченин жүрүшүндө факультеттин магистранты Амангелди уулу Нурсултан «Ааламга жол айылдан башталат»_темасында_доклад жасады. Анын айтымында, чакырылган эже-агайлардын баары эле айылдан келишип, билим алышып, кайра эле жаш муундарды тарбиялап жатышат.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен аяктады.
Кемел Асылбеков – факультеттин старосталар кеңешинин төрагасы