

Педколледждин окутуучусу Кожогелдиева Мээрим кандидаттык диссертациясын коргоду
12.10.2017 12:15
Педагогикалык факультеттин алдындагы кесиптик-педагогикалык колледждин окутуучусу Кожогелдиева Мээрим Абдыкалыковна психология илими боюнча «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук психологиялык-педагогикалык көйгөй катары (кыргыз үй-бүлөсүнүн мисалында)» аттуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Кесиптешибиздин илимий-изилдөөдөгү мындай ийгилигин өтө кубанычта кабыл алабыз жана чын дилден куттуктайбыз!
Мээрим Абдыкалыковна!
Мындан ары да илимде жогорку бийиктиктерди багындырып, болочок муундун билим жана тарбия алышына, өсүп-өнүгүшүнө, келечектен Чоң Жол табышына сабак берип, үлгү болуп, ар дайым ак эмгегиңизди арнай бериңиз. Биз буга чын пейилден тилектешбиз!
Педагогикалык факультеттин эмгек жамааты