Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Геофакта “Мугалим – мөмөлүү дарак” аттуу концерттик иш-чара өткөрүлдү

2017-жылдын 6-октябрь күнү 6-окуу имаратынын 5-дарсканасында мугалимдердин кесиптик майрамына карата_география, экология жана туризм факультетинин жаштар комитети тарабынан даярдалган “Мугалим–мөмөлүү дарак” аттуу концерттик иш-чара өткөрүлдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, факультет деканы Р. А.Токторова кесиптештерине ден соолук, иштерине албан-албан ийгилик каалап, студенттерге ыраазычылык билдирди.

Концерттик программанын жүрүшүндө факультеттин активдүү студенттери, мугалимдерге ыраазычылык сөздөрүн айтып, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен мугалимдерге жагымдуу маанай тартуулашты.

Муханбет уулу Сыймык - тарбия иштери боюнча декандын орун басары