Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физфакта “Мугалим – мөмөлүү дарак” атуу маданий иш-чара өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү физика факультетинде мугалимдер күнүнө жана карылардын күнүнө арналган “Мугалим – мөмөлүү дарак” атуу жаштар комитети тарабынан даярдалган маданий иш-чара өткөрүлдү.

Декандын тарбия иштер боюнча орун басары Бакирова Элизат бардык кесиптештерин майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, арабыздан өтүп кеткен кесиптештери профессор Ташмат Карашевдин, КР УИА корреспондент мүчөсү, КР Эл мугалими, профессор Өзгөрүш Шаршекеев агайлардын урматына эскерүү жарыялап, алардын арабызда жок экендигине өкүнүп тургандыгын айтты.

Факультет деканы Токтогонов Самат бирге иштешкендерин куттуктап: “Негизи, жумушта эле эмес, жеке турмушунарда да ийгиликтерди жарата бергиле” – деп кайрылды. Декандын сөзүнөн соң студенттер тарабынан даярдалган чакан белектер мугалимдерге берилди.

Маданий иш-чарада_факультеттин кенже улан-кыздарын сахна менен тааныштыруу жана активдүүлүктөрүн арттыруу максатында биринчи курстардын арасында таймаш да өткөрүлдү. Бүйүр кызытып, төрт баскычтан турган бул таймашка Ф(б), ЭН жана Т(ф) группалары ат салышты.

Алгач ар бир тайпа өздөрүнүн саламдашууларын айтып, андан соң обондуу ырларга кезек берилди. Үчүнчү баскычта үй тапшырмалар аткарылып, төртүнчүдө тайпа башчыларына логикалык суроолор берилди. Албетте, ар бир таймаш кара кылды как жарган калыстарсыз болбойт. Бул таймашта да катышуучулар калыстар тарабынын сындалып, бааланып, аракеттерине жараша татыктуу орундарга ээ болушту. Алдынкы орунду багындырган группага граммота берилип, калгандары кызыктыруу белектер менен сыйланды. Соңунда бардык окутуучулардын атынан КР УИА корреспондент мүчөсү, профессор Эсенбек Мамбетакунов агайыбыз өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, майрамдын жогорку деңгээлде уюшулганын айтты.

02

03

04

06

07

  • Бакирова Элизат – декандын тарбия иштери боюнча орун басары
  • Курманбеков Нурахим – жаштар комитетинин мүчөсү