Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Башкаруу жана бизнес факультетинде "Билим берүү кызматкерлеринин күнү" белгиленди

2017-жылдын 6-октябрында башкаруу жана бизнес факультетинде "Билим берүү кызматкерлеринин күнү" салтанаттуу белгиленди. Бул окуяга арналган жыйын факультет деканы Меримкүл Керимкулованын_куттуктоо сөзү менен ачылып, факультеттин таланттуу студенттери уюштурган концерт менен коштолду.

Декан факультеттин_педагогдорун_кесиптик майрамы менен деканаттын жана өзүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктап, алардын "бюджеттик жана моралдык колдоонун аздыгына карабай, өз күчтөрү менен ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүн билим берүү системасы менен таймашып, жаңы технологияларды ѳздѳштүрүп, билим менен катар илимди да ѳнүктүрүүнүн алегин кѳруп,_жогорку билим берүүнү ѳнүктүрүп келе жатканын" белгиледи.

- Бирок алдыдагы иштер андан кѳп. Сиздерден жѳн эле билим берүү эмес, данакерлик, патриоттуулук, чыдамкайлык, миссионердик мамиле күтөбүз. Элибиздин аң-сезимин, маданиятын, ишкердүүлүгүн, руханий байлыгын жогорку деңгээлге сиздер чыгарасыздар._Ошондуктан, сиздерге чың ден-соолук, новатордук, чыгармачылык, чыдамкайлуулук, күжүрмѳндүк каалайм._Үй-бүлѳңүздѳр менен тынч, бактылуу ѳмүр сүрүңүздѳр, ишиңиздерге албан-албан ийгилик, окуучуларыңарга тартип жана терең түшүнүк каалайм!,_- деп сөзүн жыйынтыктады Меримкүл_Керимкулова.

01

02

03

04

05

06

Баймулдинова А.Т. -_окуу иштери боюнча декандын орун басары, доцент.