Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз филологиясы факультетинде «Улут көркү - улуу тил» аттуу иш-чара өткөрүлдү

2017-жылдын 23-сентябрь күнү №5-окуу имаратындагы Манас өргөсүндө кыргыз филологиясы факультети_тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата «Улут көркү - улуу тил» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Жыйынды факультет деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, студенттер менен окутуучу-профессорлорду тил майрамы менен куттуктады.

Андан кийин, "Мыкты дубал гезит", "Мыкты дилбаян" номинациялары боюнча_1-курс студенттери арасында_уюштурулган_сынактын жыйынтыктары чыгарылды:

  • “Мыкты дубал гезит”: КТА-1-17 жана ККТ-1-17 группалары
  • “Мыкты дилбаян”: Пазылова Айдана жана Токтогонова Салтанат.

Жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өнөр таймашы да өткөрүлүп,_төрт тайпага бөлүнгөн студенттер_кыргыз тилине арналган ырларды көркөм окуп, комуздун коштоосунда обондуу ырларды аткарып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун чечими менен таймаштын жыйынтыгы төмөндөгүдөй чыгарылды:

  • 1-орун: КТА-1-17 бюджет группасынын «Керемет» тайпасы;
  • 2-орун: КТА-1-17 контракт группасынын «Шаймерден» тайпасы;
  • 3-орун: ККТ-1-17 группасынын «Айчүрөк» жана КТАОМ-1-17 группасынын «Кыз бурак» тайпасы.

Майрамдык салтанат факультеттин жаштар уюмутарабынан уюштурулуп, студенттер жана мугалимдер катышты.

03

02

01

Токтакунова Медина - факультеттин 3-курс студенти