Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Улут наркы – улуу тил

2017-жылдын 21-сентябрь күнү физика жана электроника факультетинде Малекеттик тил күнүнө карата «Улут наркы – улуу тил»_темасында маданий иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык салтанатты факультет деканы Самат Токтогонов ачып, иш-чаранын катышуучуларын тил майрамы менен куттуктап, эне тил - бабалардан калган мурас, ошондуктан биз аны барктап, кадырына жете билишибиз керек экендигин баса белгилеп кетти.

Андан кийин, студенттер тарабынын даярдалган коцерттик программа башталды. Факультеттин кымча бел кыздары кыргыз бийин бийлешип, Эсенгул Ибраевдин «Улут болсом - тилим менен улутмун» чыгармасы көркөм окулуп,_обондуу ырлар созулгандан кийин, элдин көңүлү оюн-зоок менен көтөрүлдү.

Тарбия иштери боюнча декандын_орун басары Бакирова Элизат «эч качан башка тилде сүйлөбөй, ар дайым кыргыз тилинде сүйлөгүлө дебейм. Бирок, эне тилибизди урматтап, аны жогорку деңгээлге көтөрөлү» - деп, салтанатты жыйынтыктады.

01

02

03

06

05

07

  • Бакирова Элизат – тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Курманбеков Нурахим – жаштар комитетинин мүчөсү