

ЭАМжЧТ факультетинде “Кыргыз тили – кыргызымдын тиреги” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү
25.09.2017 13:11
2017-жылдын 20-сентябрында башкы имараттагы мультимедиа залында Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили – кыргызымдын тиреги” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев (Алахан), факультеттин жана Тилдерди үйрөнүү борборунун кыргыз тил окутуучулары, о.э. ал борбордо кыргыз тилин үйрөнүп жаткан чет өлкөлүк студенттер катышты.
Кече Кыргызстандын Туусун салтанаттуу түрдө алып кирүү жана_Мамлекеттик гимнди аткаруу менен ачылып, жүрөктү толкундаткан ыр саптары, кыргыздын тарыхын чагылдырган улуттук бийлер, аккордеондун, комуздун коштоосундагы кыргыздын мукам ырлары _менен уланды. “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылганда сыймыктануу сезими катышуучулардын жүрөгүн толкутту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Кореядан, Украинадан, Индиядан жана Кытайдан келген_студенттер кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн мыкты өздөштүрүү менен өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, отургандарга жылуу, майрамдагыдай маанай тартуулашты.
Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев агай кечени уюштурган окутуучуларга, студенттерге ыраазычылыгын билдирип, таланттуу студенттердин аткаруу чеберчиликтерин алкоо иретинде төмөнкү оюн айтты:
- Кыргыз тили кайда? Силер айткан “Манас” эпосунда, чимирилте бийлеген бий ыргагыңарда. Кыргыз тили кайда? Көркөм окуган ыр саптарынарда, мукам үн менен ырдаган ырыңарда, кол ойноткон комуз күүсүндө! Мындай ыргак башка элдерде жок... Ар дайым намыскөй болгула балдар!
Кечени жыйынтыктап жатып, факультет деканы Рысбүбү Бейбутова да катышуучуларга каалоо-тилегин айтты:
- Силер кыргыз тилин көкөлөтүүдөн талбагыла, ар дайым эне тилде сыймык менен сүйлөөнү адатка айландыргыла! Кыргыз тилинин окутуучулары, силердин алдыңарда опол тоодой иштер турат, тилдин өнүгүшү үчүн жан аябай аракеттенгиле, жаш муундарга сөз данегинин даамын силер гана тартуулай аласыңар!
Дал ушундай сөздөр, каалоо-тилектер жаштык жалынына дем берип, окутуучуларга кубат болору шексиз, бул кечеден буйруса, студенттер жагымдуу таасир алышты.
Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар алдыга чыгып, Кыргыз Туусун бийик көтөрүп, “Кыргызстан” аттуу мекенчил ырды_ырдап, кечени аякташты.
Салтанат Бакасова, Медина Мырзанаева -_ЭАМжЧТ факультетинин окутуучулары