Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Биофакта Мамлекеттик тил күнүнө карата зоология боюнча ачык сабак өтүлдү

2017-жылдын 20-сентябрь күнү Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата_биология факультетинде 2-курстар үчүн зоология боюнча ачык сабак өтүлдү.

Зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасынын доценти, б.и.к. Бакен Шаршееванын жетекчилиги астында уюштурулган бул иш-чарага_факультет деканы Шафика Сулейманова, КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара_Мырзакулова,_доценттер Айгүл Ахматова, Тимур Токтосунов, Бүбүайым Кадырова, Гүлмира Джантаева, Чолпон Омургазиева жана окутуучу Айгул Калыкбердиева катышты.

6-окуу имаратынын_336-дарсканасында өткөн ачык сабакта Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарларды эмблема кылып алышкан_студенттер 2 командага бөлүнүп, көптөгөн кызыктуу номерлерди көрсөтүштү. Алар белгилүү акындардын жаныбарларга арналган ырларын, табышмактарды, макал-лаккаптарды, жаңылмачтарды, жаныбарлар менен байланыштуу кызыктуу окуяларды айтып беришти. Команданын алып баруучулары да өздөрүнүн даярдыктарын ыр саптары менен көрсөтө алышты.

Иш-чарага катышуучулардын айтымында, ачык сабакта студенттер мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты.

Белгилеп кетчү нерсе, факультетте биринчи жолу өтүп жаткан мындай сабакка орус группасындагы студенттер да катышты.

Бүбүайым_Кадырова - факультеттин доценти