Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Экономикалык колледжде "Мамлекеттик тил кабинети" ачылды


Экономикалык колледжде "Мамлекеттик тил кабинети" ачылды
23.09.2017 14:07
2017-жылдын 22-сентябрь күнү 6А-окуу имаратында жайгашкан КУУнун кесиптик колледжинин экономика бөлүмүндө 23-сентябрда белгиленүүчү тил майрамына карата "Мамлекеттик тил кабинети" ачылды.
Кабинеттин кире беришине тартылган кызыл лентаны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев (Алахан) менен бөлүм башчы Аскар Акматов кесишип, колледж жамаатына куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Жыйындын соңунда алар Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган "Эң мыкты дил баян", "Эң мыкты дубал гезит" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырышты.
ÂÂÂÂ