

Педфакта Мамлекеттик тил күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү
22.09.2017 13:33
2017-жылдын 21-сентябрында педагогика факультетинин филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасы тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата_«Тилин жоготкон калк тирүүлүгүн жоготот»_атуу тегерек_стол өткөрүлдү.
Иш-чараны факультет деканы Рахат Сулайманова ачып,_мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы К.У.Назарбекова болочок педагогдорго ой-тилектерин айтты.
Кафедра башчысынын м.а. К.К.Сураналиева иш-чарага жигердүү катышкан студенттерге жана жалпы окутуучулар курамына ыраазычылык билдирип, кесиптештерин жана студенттерди Мамлекеттик_тил_майрамы_менен_куттуктады.
Жыйында бүгүн тилин жоготкон эл эртең элдүүлүгүн жоготоору, ал эми элдүүлүгүн жоготкон элде мамлекеттүүлүктү жоготуп алуу коркунучу пайда болоору баса белгиленди. Ошондуктан, эне тилди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети_экендиги тегерек столдо кызуу талкууланды.