Ишемби, Июль 05, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журналистика факультети Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын иш-чара өткөрдү

2017-жылдын 21-сентябрь күнү журналистика факультети башкы имараттагы кичи жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүнүн 28 жылдыгына карата_атайын иш-чара өткөрдү.

Салтанат кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган көркөм ыр саптары менен уланып, кыргыз улуттук бийи, кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөргөн ырлар менен коштолду. Студенттер о.э. “Көрнөк жарнактардагы укуктук ченемдердин сакталышы” деген темада доклад жасашып, Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактарда кетирилген каталар боюнча иликтөөсүн слайд-шоу аркылуу көрсөтүштү.

Факультеттин деканы Айна Дуйшекеева "Кылымдарды карыткан кыргыз тилин кийинки урпакка татыктуу өткөрүп берүүдө жоопкерчиликти сезип, журналист катары элге татыктуу үлгү көрсөтө алчу деңгээлге жетсек”_деген аруу тилегин айтты жана иш-чараны уюштуруп, ага активдүү катышкан студенттерге ыраазычылыгын билдирди.

Жылдыз Туратбекова