

Башкаруу жана бизнес факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
20.09.2017 13:45
2017-жылдын 19-сентябрында башкаруу жана бизнес факультетинде 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата "Эне тилим - кымбатым" аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Факультет деканы Керимкулова М.К. студенттерди өз тилин, жерин ардактап сыйлоого жана кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жакшы адам, мыкты адис болууга үндөдү.
Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын профессору, ф.и.к. Г.К.Осмоналиеванын жана ага окутуучусу К.К.Жусупкельдиевдин демилгеси менен өткөрүлгөн бул иш-чаранын негизги максаты - мамлекеттик тилди өркүндөтүп, жайылтуу жана өсүп келе жаткан балдарды_өз мекенин сүйүгө, тилин сыйлап, урматтоого тарбиялоо.
Жыйынга 1-курстун бардык студенттери жигердүү катышып, тил-сыныгында, викторина-таймашында, макал-лакап, жаңылмачтар конкурсунда жана ыр, бий аткаруучулукта өз мүмкүнчүлүктөрун_эң мыкты көрсөтүштү.
Иш-чарага мугалимдер жамааты, кафедра башчылары катышты.
Г.К.Осмоналиева - факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын профессору, ф.и.к.