Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Факультеттеги тарбия иштери жана студенттик турмуш (14.05.2020 жаңыланды)

Факультетте студенттер менен тарбиялык иштерди жүргүзүүгө олуттуу мамиле жасалат.  Факультетте студенттик комитет иштейт. Анын жобосу Окумуштуулар кеңишинде бекитилген. Комитеттин структурасында төрага, орун басары жана төрт сектор бар:  маданий–массалык, спорт, окуу, информациялык. Бул студенттер менен тыгыз, натыйжалуу иш алып барууга өбөлгө түздү.

Факультеттин студенттери университетте өткөрүлүп жаткан бардык тарбиялык-маданий иш чараларга активдүү катышат. Факультеттин өзүндө да мындай иш чарлар байма бай өткөрүлүп турат. Мисалы:

Кумир менен жолугушуу

Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин 1-3-курсунун студенттери Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Советбек Жумадылов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктардын ээси, КТРКнын "Замана" студиясынын алып баруучусу, "Учур" театрынын актёру Нурдөөлөт Копоев менен жолугушту. Анда актёр студенттерге түз эфирдеги процесс, алып баруучулуктун сырлары, актёрдук чеберчилик боюнча өз тажрыйбасын айтып берди. Болочок журналисттер кызыккан суроолоруна толук кандуу жооп алышты. Соңунда катышуучулар телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан уюштурулган, "Актёрдук чеберчилик" сабагынын алкагында өткөн мастер класс кызыктуу болгонун билдиришти.

01

03

04

Ширин Жумагулова КУУда

Журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасы студенттер учун кызыктуу мастер-класс откорду. Бул жолу жаштар белгилуу журналист, мыкты педагог, улгулуу айым Ширин Жумагулова менен жолугушту. Иш чара озгочо шандуу жана кызыктуу откорулду. Жумагулова журналисттик тажрыйбасы менен болушуп, шыктандыруучу мыкты кебин тартуу кылды. Ширин Жумагулова кыргыз элине мыкты телеалып баруучу катары таанымал. Улуттук университеттин сыйлуу окутуучусу, социология илимдеринин кандидаты. Студенттер Жумагулованын сабактарын кутуп окушат.

05

06

07

09