Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Мезгилдүү басма сөз кафедрасы (26.02.2018 жаңыланды)

1. Кафедранын тарыхы

СССРдин жогорку билим берүү Министрлигинин 1959-жылдын 30-майдын №648 буйругу менен Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде журналистика кафедрасы ачылган. Аталган кафедра Кыргызстанда журналисттик профессионалдык билим берүүнү негиздөөнүн башатында турган.

Журналистика кафедрасынын башында турган профессор М.Борбугулов, доцент Т.Мамбетсариев журналистика бөлүмүнүн өз алдынча болуп түптөлүшүндө салмактуу орду бар. Студенттердин терең  урматтосуна  татыган М.Сасыкулов жана А.Камилов агайлар да педагогдук ишмердүүлүгүн дал ушул журналистика кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен башташкан. Ошондуктан республиканын маалымат каражаттарын журналисттик кадрлар менен камсыз кылууда басма сөз кафедрасынын салымы зор деп айтууга толук негиз бар.

Photo004 obshyi kaf

70-жылдары журналистика кафедрасынын окутуучулары журналистика боюнча илимий изилдөө иштерин колго ала баштаган. Айталы, журналист Т.Мамбетсариев Кыргызстандын басма сөзүнүн тарыхын изилдеп, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде  кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал эми окутуучу  М.Сасыкулов  кыргыз очеркинин өнүгүү маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, айрым макалалары  “Ала-Тоо” журналына  жарыяланат.

Журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн практик журналисттер менен жолугушуу өткөрүүгө,  өндүрүштүк практиканынын натыйжалуу уюшулуп болочок журналисттердин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга жана өстүрүүгө айрыкча басым жасалган.  80- жылдардын башында кафедранын курамы А.Асанова, А.Халилов, Р.Орозалиева, Р.Жумалиева сыяктуу мыкты адистер менен толукталган. Бөлүм болуп ачылгандан тартып, журналистика факультети бүгүнкү күнгө чейин журналистика адистиги боюнча миңдеген  бүтүрүүчүнү  даярдап чыгарган болсо, алардын ар биринин талаптагыдай кесипкөйлүккө даярдоодо  басма сөз кафедрасы татыктуу салымын кошту.

Учурда  мезгилдүү  басма сөз кафедрасы журналистика факультетинин өзөгүн түзүү менен өзүнүн окутуучулук жамаатынын аракети аркасында  негизги адистик предметтерди окутууну  ишке ашырып  келет. Алардын  айрымдары атасак: «Журналистиканын негиздери», «Азыркы журналистиканын актуалдуу проблемалары», «Журналисттик чыгармачылыктын негиздери», «Журналистиканын укуктук негиздери», «Журналисттик иликтөө», «Кыргыз журналистиканын тарыхы» ж.б.

Мезгилдүү басма сөз кафедрасынын алдында бүгүнкү күндө бир катар аспиранттар менен магистранттар билим алышат. Кафедранын ар бир мүчөсү жыл сайын журналистика боюнча уюштурулган түрдүү эл аралык, республикалык илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга жана симпозиумдарга катышуу менен күндөлүк басма сөз багытында актуалдуу проблемалардын үстүндө иш жүргүзүп, илимий макалаларын жарыялап келишет. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин башатында турган  60 жылдык тарыхында өзүнүн өзөктүү орду бар  басма сөз кафедрасын да ар кайсы мезгилде жетектегендер:  филология илимдеринин доктору, профессор М.Борбугулов, тарых и. к., доцент Т. Мамбетсариев; юридика и. к., доцент Ж.Саалаев; филология и. к., доцент А.Асанова;  доцент А.Д.Халилов; доценттин милдетин аткаруучу Н.А.Тилекеева, саясий и. к., доцент М.Мырзагулов.

Ал эми азыркыучурда журналистика факультетининмезгилдүү басма сөзкафедрасын доцент профессор Джумагазиева Нуржан Курманбековна жетектейт. Көп жылдардан бери факультеттин жана  кафедранын өнүгүшүнө салымын кошуп келет. Азыркы учурда мезгилдүү басма сөз кафедрасынын башчысынын кызматында эмгектенип келет. Ата мекендик жана чет элдик практикалык медиа чөйрөдө жана коп деген эл аралык илимий конференциялардын  катышуучусу болуп бүгүнкү күндө  мол тажрыйба топтоого жетишти.   Душанбе  шаарында Орус тажик славян университетинде   кандидат даражасындагы диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Мезгилдүү басма сөз кафедрасынын курамын бүгүнкү күндө бир катар компетенттүү адистер түзөт. Алардын ичинде профессорлор Абдиламит Матисаков,  Нуржан Джумагазиева эмгектенишет.  Ж. Баласагын атындагы КУУнун   “Ардактуу профессору”  Абдиламит Матисаков көптөгөн публицистикалык, көркөм чыгармалардын, китептердин автору,  өз кезегинде КТРКны, “Кыргыз Туусу” гезитин жетектеген тажырыйбалуу журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Учурда журналистика факультетинде чыгармачыл жаштардын “Матисаков мектебин” ачкан.Профессор,  ф.и.к. НуржанЖумагазиева (темасы: “Проблемы экологии в периодической печати) журналистика багыты боюнча кандидаттык диссертациясын  жактаган.Журналистика боюнча бир нече окуу китептеринин автору катары таанылган. Чет өлкөлүк журналистика мектебинде тренингдерден өтүп,  зор тажырыйбага ээ.Доценттер–PhDАбдыганы Халилов (темасы: «Становление и развитие журнальной периодики  в Кыргызстане”), ф.и.к. Аита Султаналиева (темасы: “Проблема  конфликта  и характера современной кыргызской драматургии”), с.и.к. Милан Мырзагулов (темасы: Телевидение Кыргызской Республики в контексте формирования  и трансформации системы СМИ среднеазиатского региона” ) студенттерге мыкты сабак берүү менен  илимий изилдөөлөрүн улантышууда.  Ошондой эле  улук окутуучулар - Айбек Туменбаев, Элмира Кылычбаева, Жамиля Мамышова,  окутуучулар - Жанышбек Миңжашаров,  Харуми Алымбаева, Алина Махмедова,  Мирлан Алымбаев Сакыбаева Жыргал, Акматказиев Адилет  келечекте мыкты педагог жана окумуштуу болууга аракеттерин жумшап жатышат.

Кафедра тарабынан журналистика адистиги боюнча төмөндөгүдөй окуу куралдары даярдалган:

  • “Кыргыз журналистикасынын тарыхы”(басма сөзгө арналган бөлүм. Авторлор: А.Халилов, А.Туменбаев,  Н.Джумагазиева Б.2000);
  • А.Халилов, С.Тилебаев “Журналисттик иликтөө”(2006)
  • А.Халилов «Становление и развитие журнальной периодики  в Кыргызстане (монография Бишкек -2015);
  • А.Туменбаев “Журналисттин чыгармачылык ишмердигинин негиздери”(2014);
  • Н.Джумагазиева «Освещение проблем экологии в периодической печати Кыргызстана» (2012)
  • ”Масс медиа в международном пространстве и в Кыргызстане” (2016);
  • Мырзагулов М.М. «Специализированные издания Кыргызстана: тенденция дефицитности», «Телевидения Кыргызстана: формирование и развитие». часть 1. (2013).

Учурда мезгилдүү басма сөз кафедрасы “Басма сөз”, “Интернет журналистика”, “Конвергенттик журналистика”, “Спорт журналистикасы” боюнча профильдик адистешүүнү сунуштоо менен аталган профилдер боюнча окуу программаларын иштеп чыгууда. Учурда мезгилдүү басма сөз кафедрасынын алдында турган милдеттердин бири заманбап гезиттик лабораторияны негиздөө максатын  ишке ашыруу болуп эсептелет. Кафедрада бул багытта тажырыйба  бар: 2005-жылы  факультеттин 16 бет  “Калем пресс” газетасынын бир нече номерин даярдап,  жарыкка чыгарган. Андыктан, кафедра адистерге компетенциялык билим берүүгө, студенттердин кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга басым жасоо менен “басма сөз” адистешүүсү боюнча студенттер менен бирге “Журналист” пресс-бюллетенин чыгаруу үчүн даярдыктарды көрүүдө. Ушул эле пресс-бюллетендин он-лайн версиясын “интернет-журналистика” адистешүүсү боюнча студенттер Улуттук университеттин сайтына жана социалдык тармактарга жайгаштырып турушмакчы.

2. Кафедра башчысы

Джумагазиева Нуржан Курманбековна

jumagazieva

Жумуш тел.: +996 312 32-20-80

Уюлдук тел.: +996 709211279,559590569

E-mail: nnn330@yandex.ru

3. Кафедра мүчөлөрү

Матисаков Абдыламит Мурзаевич

профессор

Maticakov

Жумуш тел.:

Уюлдук тел.:

E-mail: 

Сыдыкбаев Чолпонбек Медеркулович

доцент

Cydykbaev

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: +996 550 98-18-35

E-mail: Cholponbekzaka@mail.ru

Халилов Абдыганы Дарманбекович

доцент

Xalilov

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: +996 555 792424

E-mail: abdy.halilov@yandex.ru

Султаналиева Аита Сматовна

доцент

Sultanalieva

  • А.С.Султаналиеванын анкетасы

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: +996 0702  328336

E-mail: aitast@rambler.ru

Тюмонбаев Айбек Рабаевич

ага окутуучу

Tymonbaev

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: +996773 095546

E-mail:

Кылычбаева Элмира Закиралиевна

ага окутуучу

Kylyhbaeva

Жумуш тел.: 322-080

Уюлдук тел.: +996 (555) 887-882

E-mail: elia78 @ list.ru

Мамышева Жамийла Аскаровна

ага окутуучу

Mamysheva

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: 0709211279

E-mail: mamysheva79@bk.ru

Минжашаров Жанышбек Атагазыевич

окутуучу

Minjasharov

Жумуш тел.: +996 312 32-20-80

Уюлдук тел.: + 996 777525472; 500525472

E-mail: janysh69@mail.ru

Алымбаев Мирлан Мамбетказиевич

Alimbaev

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: 0550 342710

E-mail :alimbaeff@mail.ru

Сакыбаева Жыргал Дуйшеналиевна

Cakynbaeva

Жумуш тел.: 32-20-80

Уюлдук тел.: 0701 44 41 41

E-mail: jyrgal-1966@mail.ru