Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Илимий иштер боюнча проректор (16.06.2022 жаңыланды)

Ишекеев Назаркул

УИАнын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор

ishekeev 2022

Үй дареги:  Бишкек шаары,  С.Каралаев көч., 40/6, кв.49                              

Уюл. тел.: (0550) 52 87 43.

Р Е З Ю М Е 

Өзү жөнүндө маалымат

Туулган жылы: 18.02.1955

Улуту: Кыргыз

Жарандыгы: Кыргыз Республикасы

Билими, наамдары

Жогорку.  1971-1976-жж. КМУнун студенти

Факультет: Филология. Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү

Кесиби: Филолог. Окутуучу

Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты

  • 1979-1982: күндүзгү бөлүмдүн аспиранты 
  • 1984: педагогика илимдеринин кандидаты
  • 1993: доцент
  • 1994: педагогика илимдеринин доктору
  • 1996: профессор
  • 1997: Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги
  • 2017: КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
  • 2017: Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Ардактуу профессору
  • 2021: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.  

Эмгек жолу

  • 1976-1977: Мектептин мугалими жана Республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын  кызматкери
  • 1977-1994: Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу жана доценти
  • 1995-2007: Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин  деканы жана  профессор. Ошол эле  мезгилде айкалыштыруу менен кафедра башчысы (1998-2000)
  • 2008-2011: Улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун  методикасы  кафедрасынын  башчысы
  • 2011- жылдын сентябрынан Улуттук университеттин педагогикалык  ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору
  • 2013-жылдын июлунан КР Билим берүү жана илим министринин орун басары
  • 2015-жылдын июнунан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору
  • 2017-жылдын январынан КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы
  • 2021-жылдын январынан Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору
  • 2022-жылдын июнунан Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий иштер боюнча проректору.

Коомдук жана кошумча иштери

  • 1996-2015: Докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин мүчөсү жана төраганын орун басары (Кыргызстан жана Казакстанда -2010-ж. ч/н)
  • 1998-ж. тартып азыркы убакка чейин  “Эл Агартуу” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү
  • 2005-ж. тартып азыркы убакка чейин “Эл агартуу, “Мектеп-Школа” журналдарынын редакциялык тобунун мүчөсү
  • 2007-2011: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук коммиссиянын  мүчөсү
  • 2008-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Билим берүү жана илим   министрлигиндеги Республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тили жана адабияты секциясынын башчысы
  • 2008-2011: КР Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими аркылуу КР Президентинин Указы менен Улуттук  телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясын  көзөмөлдөөчү кеңештин мүчөсү
  • 2013-2014: КР Президентинин №155 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү
  • 2014-жылдан “Баластан” балдар журналынын редакциялык тобунун мүчөсү
  • 2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук  программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү
  • 2015-жылдын декабрынан 2020-жылдын декабрына чейин КР Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими аркылуу КР Президентинин Указы менен Улуттук  телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясынын  көзөмөлдөөчү кеңешинин мүчөсү
  • 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин  Кыргыз Республикасынын  Жогорку аттестациялык коммиссиянын ( ЖАК-ВАК) президиумунун мүчөсү
  • 2016, 2021-жылдары КР Президентинин Жарлыгы менен эки ирет   КР Конституциясынын жаңы долбооруна лингвистикалык экспертиза жасоо боюнча топтун мүчөсү.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышуусу

  • Россия,  Москва ш.
  • Казакстан, Астана ш., Алматы ш.
  • Өзбекстан, Ташкент ш.
  • Азербайджан, Баку ш.
  • Туркия, Стамбул ш.
  • Кытай, Пекин ш.

Публикациялары

300 аталыштагы илимий эмгеги жарыяланган. Алардын ичинде монографиялар, ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу- методикалык куралдары бар. Кыргыз адабияты боюнча орто мектептин VI жана XI класстарынын ( өзбек мектептери үчүн да) окуу китептеринин авторлорунун бири.

Негизги илимий-методикалык эмгектери

  • Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде эпикалык чыгармаларды окутуу боюнча методикалык колдонмо.  - Фрунзе, 1987.
  • Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде прозалык чыгармаларды  окутуунун  кээ  бир маселелери. - Фрунзе, 1989.
  • Мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхынан. - Фрунзе, 1991.
  • Кыргыз  адабиятын  мектептерде окутуунун тарыхы. - Бишкек, 1994.
  • Мектептерде прозалык чыгармаларды окутуу. - Бишкек, 1997.
  • Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары. - Бишкек, 2010.
  • Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги. -Бишкек, 2011.
  • Кыргыз адабияты: 6-класс үчүн окуу китеби. - Бишкек, 2000 (1-чыгарылышы), 2004 (2-чыгарылышы), 2007 (3-чыгарылышы). - А.Сманбаев менен авторлош.
  • Кыргыз адабияты:11-класс үчүн окуу китеби. - Бишкек, 2000. (1-чыгарылышы), 2004-ж (2-чыгарылышы), 2007-ж (3-чыгарылышы). К.Асаналиев, К.Иманалиев, К.Артыкбаев, С.Байгазиев, А.Муратов менен авторлош.
  • Адабият: Өзбек мектептеринин 11-классы үчүн. - Ташкент, 2005, (авторлош).
  • Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы. – Бишкек, 2014.
  • Чыгармаларды жанрдык өзгөчөлүгүнө ылайык окутуу. – Бишкек, 2015.
  • ”Кыргыз адабият таануу илими жана сыны” деген китептин  2-томуна авторлош.
  • 14.Орто мектептерге арналган кыргыз адабиятынын 10 томдук хрестоматия-окуу куралын түзүүчүлөрүнүн бири.

Илимий устаттыгы

Н.Ишекеевдин жетекчилиги менен 6 докторлук, 20 кандидаттык диссертация корголгон. 18 Ата Мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын кандидаттык, докторлук диссертацияларына биринчи расмий оппонент болгон.

Сыйлыктары

  • 1993: КР Элге билим берүүсүнүн отличниги
  • 1999: Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты
  • 2005: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси
  • 2011: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган
  • 2013: Калык Акиевдин 130 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган
  • 2017: КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
  • 2017: Мидин Алыбаевдин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган
  • 2020: “Түгөлбай Ата” атындагы “Көк Асаба” диплому жана лауреаттык медалынын ээси
  • 2019: КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
  • 2021: К.Карасаев атындагы медалынын ээси.

Үй-бүлөлүк абалы

Үй бүлөлүү, үч баласы бар.

Билген тилдери

Кыргыз, орус жана француз тили (сөздүк менен).        

Компьютерди билүүсү

MS Word программасы, Internet менен иштейт.

Өздүк сапаттары

Жоопкерчиликтүү,  адамгерчиликтүү, иштерман, акыйкатчыл, калыс жана башка сапаттарга ээ.