Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Теле-радио журналиситика кафедрасы (07.05.2020 жаңыланды)

1. Кафедранын тарыхы

Телерадиожурналистика кафедрасы 1994-жылы журналистика факультетинин өз алдынча болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу негизделген.  Бул кафедра Кыргызстанда  телерадиожурналистика адистешүүсү боюнча атайын билим берүү менен адистерди даярдаган  жана бул багытта илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн бирден бир кафедра  болуп саналат.   Учурда кафедрада  18 окутуучу бар, алардын ичинде  бир илимдин доктору,   беш илимдин кандидаты эмгектенет.  Штаттык курамда 2 профессор, 3 доцент, 6 улук окутуучу жана 5 окутуучу бар.

trj 01

Кафедраны  алгачкы мезгилде белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева жетектеген. Бул мезгилде ЮНЕСКО уюмунун колдоосу менен факультеттин материалдык-техникалык базасы түптөлө башатаган. Бул жылдары кафедрада тажрыйбалуу ага окутуучулар Рима Орозалиева, Абдывали Камилов, белгилүү сынчы Салижан Жигитов, филолология  илимдеринин кандидаты, доцент Рахима Сыдыкова сыяктуу инсандар студенттерге билим беришкен.

Ал эми 1996-жылы атактуу публицист, жазуучу, киносценарист Кадыркул Өмүркулов, белгилүү оператор  Манасбек  Мусаевдин кафедрага келиши менен  кадрдык курамдын сапаты дагы жогорулаган.  Бул мыкты адистердин эмгегинин натыйжасында биринчи жолу журналистика факультетинин студиясында университет жөнүндө «Очаг благодатных знаний» деген  документалдуу фильм тартылган.

1996-1998-жылдары телерадиожурналистика кафедрасын физика математика илимдеринин кандидаты К.Ш.Ашымканов, андан филология илимдеринин доктору  Ж.К.Бакашова,  кийин  2010-жылга чейин филология илимдеринин кандидаты  Б.Тагаев башкарып келишкен.

 Ал эми 2010-2013-жылдары телерадиожурналистика кафедрасын ф.и.к., доцент А.Т.Дуйшекеева жетектеген. 2013-жылдан тартып кайрадан философия илимдеринин доктору, профессор  Б.Тагаев жетектеп келсе, 2017-жылдан баштап ф.и.к., доцент З.А.Алымбаева кафедра башчысы болуп эмгектенүүдө.

Телерадиожурналистика кафедрасында төмөндөгүдөй илимий иштер жакталган:

  • профессор, философия илимдеринин доктору Б.Тагаев «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы назиктик маселеси» (Ч.Айтматовдун поэтикалык жана публицистикалык чыгармачылыгында);
  • профессор, филология илимдеринин кандидаты Г.Б.Сыдыкова «Национальные корни философской прозы Ч.Айтматова (через призму русской критики)»;
  • доцент, филология илимдеринин кандидаты А.Дуйшекеева «Развитие радиовещания Кыргызстана в годы независимости (1992-2002гг)»;
  • доцент, социология илимдеринин кандидаты Ш.А.Костюк «Влияние телевидения на социально-политические процессы в Кыргызстане)»;
  • доцент, филология илимдеринин кандидаты З.А.Алымбаева «Көркөм текстеги фоностилистикалык  каражаттар жана алардын  табияты»;
  • улук окутуучу, филология илимдеринин кандидаты Ж.А.Акматбекова «Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын өнүгүү тенденциясы (1191-2014-жж.)»;
  • улук окутуучу, филология илимдеринин кандидаты Ш.А.Эшанкулова «Категория личности/безличности в языке (на метериалах русского и кыргызского языков)» (2019).

2011 - жылдын 14 - октябрында   Кыргыз радиосунун  80 жылдыгына  арналган «Учурдагы радиоуктуруулар:  проблемалар, тенденциялар жана келечек»  деген темадагы эл аралык  илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде  өткөрүлдү.  Би-би-си дүйнөлүк кызматынын өкүлү Тамара  Уалш,  Би-би-си дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясынын башкы продюсери Гульнара Касмамбетова, Хоккайдо телерадио компаниясынын продюсери Морикава Шюсаку, Санкт–Петербург Мамлекеттик  университетинин эл аралык мамилелер факультетинин доценти  Александр Сотниченко, Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук  университетинин  доценти  Рахима Нуриденова сыяктуу конференциянын катышуучуларынын илимий докладдары зор кызыгууну жана талкууну жаратты. Конференцияга Кыргызстандын журналистиканы изилдеген окумуштуулары жана радиожурналисттер активдүү катышып, ааламдашуу процессиндеги радиожурналистиканын проблемалары боюнча кызуу пикир алмашуулар болду.

Телерадиожурналистика  кафедрасы жыл сайын студенттердин жардамы менен 2 миңге жакын респондентти сурамжылоого алуу менен Бишкектеги радио жана телеканалдардын рейтигин аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп турат. Сурамжылоонун натыйжалары боюнча телерадиоканалдарды Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дипломдору менен сыйлоо республиканын маданият жана маалымат, билим берүү  жана илим  министрликтердин  жана  коомчулуктун катышуусу менен өткөрүлүп турат.

2012-2014-жылдары  «кинотаануу» адистиги боюнча профессорлор К.Өмүркулов, М.Мусаев,  мыкты журналист Б.Сутенова студенттердин профессионалдык жөндөмүн арттырууда салымдарын кошушту. Кыргыз Республикасынын маданиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, «Эл жазуучусу» ардактуу наамынын ээси профессор К.Өмүркуловдун «Мир веку входящему»,  «Мөңгү муңу» публицистикалык жана прозалык чыгармаларынын жыйнагы,  көптөгөн аңгемелери   республикалык адабий журналдарда жана гезиттерде жарык көргөн. Ал  кыргыз киносунун классикасына  айланган «Бакайдын жайыты» деген фильмге сценарийди 24 жашында жазып, Комсомол сыйлыгына татыктуу болгон. 

Профессор М.Мусаевдин «Ак кеме» фильминдеги оператордук эмгеги бүтүндөй чыгармачылык топ менен бирге СССРдин  мамлекеттик сыйлыгына татыган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Б.Сутенова  «Сагыныч», «Менин атам»,  «Мамыры гүлдөгөн жерде»  аттуу повесттер жана аңгемелер  жыйнактары, «Бир түндөгү кайра жаралуу», «Жашоо мыйзамы» радиопостановкалары  жана бир катар автордук телерадиопрограммалары менен таанымал журналист. Айрыкча «Демократия сабактары» циклдик  көрсөтүүлөрү элдин калың катмарына белгилүү.

Профессор  Б.Тагаев радиодо 30 жылга жакын иштеп, кийин эмгек  жолун  педагог катарында уланткан. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген  ишмер Б.Тагаев илимий-изилдөөчүлүк «Айтматовдун  чыгармачылыгындагы трагедиялуулук»,  «Назиктик  эстетикалык категория катары» деген эмгектердин,  журналистика факультетинин студенттери үчүн атайын «Адабий редактирлөө» окуу китебинин жана  «Акылман жетекчи Т.Кулатов»  деген интервьюлар жыйнагынын автору болуп саналат. Анын «О муза» аттуу чакан жыйнагы да жарык көргөн. Профессор Г.Б.Сыдыкова  «Рекламное дело (русско-кыргызский словарь)», «Риторика. Культура речи журналиста (русско-кыргызский глосарий)» окуу куралдары, «Чингиз Айтматов и русский литературно-критический дискурс: социально-философские искания и контекст романного творчества» деген аталыштагы монографиясы ( Б. 2013) менен белгилүү. Андан тышкары   «Хрестоматия по русской литературе» (4 класс), «Книга для внеклассного чтения в школах с кыргызским языком обучения» (Б.2009), «Хрестоматия по русской литературе» (3 класс).  «Книга для внеклассного чтения в школах с кыргызским языком обучения» ( Б. 2009) китептери жарык көргөн.

Доцент А.Т.Дуйшекеева «Рекламалык иш»,  «Радиожурналистиканын негиздери» предметтери боюнча типтүү программа иштеп чыгарган.  Анын «Радиожурналистиканын негиздери» окуу китеби 2013-жылы басмадан чыгарылган.

Ошондой эле  кафедрада  журналистика боюнча магистрдик диссертацияны алгачкылардан болуп жактаган  улук окутуучу Л.Т.Калчаева, телерадионун техникасын мыкты билген, улук окутуучу Н.А.Тилекеева эмгектенишет.  Алардын да «Чет өлкөлөрдүн телерадиожурналистикасынын тарыхы», «Массалык информация каражаттарынын техникасы жана технологиясы» предметтери боюнча  типтүү программалары жарык көргөн.

Кафедранын жалпы мүчөлөрүнүн эмгегинин натыйжасында 2002-жылы чыккан «Кыргыз журналистикасынын тарыхы» китебинин телерадиожурналистикага  байланыштуу  бөлүмү жазылды.  Бирок,  бул окуу китепти толуктап  жазуу зарылдыгы келип чыккандыктан, кафедрада бул багытта илимий изилдөө иштери улантылууда. Тактап айтканда, телерадиожурналистика кафедрасынын илимий изилдөө багытындагы «Кыргыз телерадиожурналистикасынын тарыхы жана теориялык маселелери» деген тема боюнча иликтөө иштери  жүргүзүлүп жатат.  

2011-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий изилдөөлөр боюнча гранттык  конкурска  кафедранын мүчөлөрү А.Дуйшекеева жана Н.Тилекеева «Кыргызстандын  радио, тележурналистикасынын  калыптануусу жана өнүгүшү» деген аталыштагы долбоор менен катышып,  жеңүүчүлөрдүн катарында грант  алышкан.  Натыйжада Борбордук архивде, республикалык китепканада, саясий документтер архивинде, КТРКнын архивинде  изилдөө иштери жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында «Кыргыз радиосунун тарыхы бейне сүртүмдөрүндө»  окуу куралы 2012-жылы жарык көргөн.

Кафедра  тарабынан  журналистика  адистиги боюнча төмөндөгүдөй окуу куралдары даярдалган:

  • «Кыргыз журналистикасынын тарыхы» (Телерадионун тарыхына арналган бөлүм), (Ж.Егембердиев, Р.Сыдыкова, Г.Сыдыкова,  Ж.Бакашева, А. Дуйшекеева, Л.Калчаева);
  • «Риторика. Журналисттин кеп маданияты» (2007), (Г.Сыдыкова, Ж.М.Орозалиева, Э.К. Мусаев);
  • «Адабий редактирлөө»,  «Төрөбай Кулатов – акылман жетекчи» (2005), (Б.Тагаев);   
  • «Коммуникациянын башаты» (2011), (Ж.Акматбекова);
  • «Кыргыз радиосунун тарыхы бейне сүртүмдөрүндө» (2012),  (коллективдүү эмгек, башкы редактор А.Дуйшекеева); 
  • «Радиожурналистиканын негиздери» (2013), (А.Дуйшекеева); 
  • «Журналисттин сүйлөө техникасы» (2013), (З.М.Омурова, А.Т.Дуйшекеева, Н.К.Байзакова); 
  • «Ч.Айтматов и русский литературно-критический дискурс: социально-философские искания и контекст романного творчества» (2013);
  •  «Авторское право в СМИ» (2013), (Ш.А.Эшанкулова);
  • «Стилистика» (2015), (З.А.Алымбаева);
  • «Журналистика. Жарнама иши жана коомчулук менен байланыш» тармагы боюнча терминдердин жана атоолордун түшүндүрмө создүгү” (2018), (Ж.А.Акматбекова).

Илимий изилдөө иштерди улантуу менен кафедранын мүчөлөрү  «Кыргыз радиожурналистикасынын тарыхы», «Кыргыз тележурналистикасынын тарыхы»  боюнча негизги окуу китептерин даярдоонун үстүндө эмгектенишүүдө.

Телерадиожурналистика кафедрасы «Тележурналистика», «Радиожурналистика», «Эл аралык журналистика», «Конвергенттик журналистика»  профилдери боюнча студенттерди тереңдетилген даярдыктан өткөрөт. 2017- жылдан баштап  «Телевидение» багыты ачылып,  студенттер кабыл алынып окутула баштады.

Кыргызстандын ММКларда эмгектенген белгилүү журналисттердин мастер-класстарын өткөрүү иши жолго коюлган. Бишкек шаарындагы телеканалдар менен келишимдин негизинде студенттердин сабактан тышкаркы учурда телеканалдарга стажировкага баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

 sun 01

sun 02

sun 03

2017-жылы кафедранын курамындагы телестудиясы «KG group» курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен жасалгаланып, 2019-жылы техникалык жабдыктары Корея мамлекетинин Кемён университетинин демөөрчүлүгү менен жаңыланды.

KG 02

KG 01

2018-жылдан баштап кафедра тарабынан «Я репортер» аттуу студенттер арасындагы видеороликтердин конкурсу жыл сайын өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, белектер демөөрчүлөр тарабынан ыйгарылып келет.

Азыркы күндө телестудияда «Баласагын ТВ» көрсөтүүсү иш алып барат. КТРКнын «Миң кыял» радиосу менен биргеликте «Радио кафе» берүүсү обого чыгууда.

trj posl

2. Кафедра башчысы

Костюк Ширин Аалиевна

кафедра башчысынын м.а.

kostuk

3. Кафедра мүчөлөрү

Тагаев Бегалы Тагаевич

профессор

tagaev

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.:

E-mail:

Сыдыкова Гүлбара Бектургановна

профессор

Sydykova

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.: -

E-mail: gulbar77@mail.ru

Алымбаева Зарылкан Арстанбековна

к.ф.н., доцент

Alymbaeva

Жумуш тел.: 

Уюлдук тел.: + 996 0770 31-81-65

E-mail: zarul1982@mail.ru

Акматбекова Жанара Адылбековна

доцент

Akmatbekova

Жумуш тел.: -

Уюлдук тел.: -

E-mail: ktumuniver@gmail.com

Калчаева Лира Темирбекова

ага окутуучу

Kalhaeva

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.: 0779 89-45-82

E-mail: lirate@list.ru

Эшанкулова Шахризада Аллакуловна

ага окутуучу

eshankulova

  • Ш.А.Эшанкулованын резюмеси

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.:

E-mail: eshahrizada@mail.ru

Байзакова Нурзат Койчукеевна

ага окутуучу

Baizakova

Жумуш тел.:

Уюлдук тел.: (0705) 845-970

E-mail: bayzakovan@mail.ru

Капарова Чынара Абдылдаевна

Kaparova

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.:

E-mail: chinartv@yandex.ru

Тилекеева Нурлангуль Асановна

ага окутуучу

tilekeeva

Есенгулова Светлана Байызбековна

окутуучу

esenkulova

Алдашова Гуланда Мурадиловна

окутуучу

Aldashova

Жумуш тел.:

Уюлдук тел.:

E-mail: gulyanda.muradilova@bk.ru

Матаева Айзада Эсенбековна

Mataeva

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.:

E-mail: azemaes@gmail.com

Сыдыгалиев Нурсулан 

Sydygaliev

Жумуш тел.: 32 21 49

Уюлдук тел.: +996  550 726271

E-mail: nursulan79@gmail.com

Джанузакова Умут Джакшылыковна

Djanuzakova

Жумуш тел.: 32 21 49    

Уюлдук тел.: +996 556 69 99 13

E-mail: umka8585@list.ru

Кожобеков Тынчтык

окутуучу

kojobekov