Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Факультеттин тарыхы (26.02.2018 жаңыланды)

1956-1971-жылдар

2016-жылы журналисттерди даярдоодо Кыргызстандагы алгачкы жогорку окуу жайы болгон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүнүн ачылылганына 60 жыл толду.  “Советтик Кыргызстан” гезитинин 1956-жылдын 8-июнунду чыккан санында Кыргыз мамлекеттик университетинин “филология факультетинин журналистика бөлүмүнө”  студенттерди кабыл алуу жарыялангандыгын окууга болот.

Ал эми СССРдин жогорку билим берүү министрлигинин 1959-жылдын  30-майындагы №648 буйругу менен Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинде “Журналистика” кафедрасы ачылган. Аталган кафедра Кыргызстанда журналисттик   профессионалдык билим берүүнү негиздөөнүн башатында турган.Кафедраны белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Мухтар Борбугулов жетектеген.

Кыска убакыттын ичинде  “журналистика” адистиги боюнча  окуу планы иштелип чыгып,  студенттерге сабактарды берүүгө жогорку билимдүү, тажрыйбалуу журналисттер  Токтосун Мабетсариев, Мукай Сасыкулов, Бектурсун Карабаев, Рафаэл Овсепян тартылган. Алардын журналистика кафедрасында эмгектенип, журналисттик билим берүүгө чыйыр салууда  эмгеги зор.  Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн  арасында   ысымдары жумурай журтка белгилүү болгон атактуу инсандар чыкты: Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев, белгилүү журналисттер Ильгиз Гилязитдинов, редактор Бира Бөрүбаев, окумуштуулар философия илимдеринин кандидаттары Мая Султашева, Темир Эсенгелдиев , жазуучу-котормочуШаршеналыАбдылдаев ж.б.

Тилекке каршы 1971-жылы  журналистика бөлүмү  айрым объктивдүү  себептер менен жабылып калган.

1974-1994-жылдар

Photo001 History jur fak

Журналистика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүү

Экинчи жолу журналистика  бөлүмү республикада массалык маалыматтардын саны көбөйүп, журналисттик кадрларга муктаждык күчөгөндүктөн  1974-жылы ачылган.1974-1991-жылдары доцент Т.Мамбетсариев журналистика кафедрасын жетектеп, үзүрлүү эмгектенет.  Бул жылдары журналистика кафедрасынын окутуучулары журналистика боюнча илимий изилдөө иштерин колго ала баштаган. Айталы, журналист  Т.Мамбетсариев Кыргызстандын басма сөзүнүн тарыхын изилдеп, М.В.Ломоносов атындагы  Москва мамлекеттик университетинде   кандидаттык диссертациясын жактаган. Ошентип Окутуучу  М.Сасыкулов да кыргыз очеркинин өнүгүү маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, айрым макалалары басылмаларга жарыялана баштаган. Кадрлар талантуу жаш бүтүрүүчүлөр менен толукталат. Алардын арасында учурда белгилүү публицист, акын  Жедигер Саалаев да бар эле. Ошентип Ж. Саалаев 1991-1994 жылдары журналистика бөлүмүн жетектеген.

Көпчүлүк предметтер кыргыз тили жана адабиятына байланыштуу болгон. Бирок ошол эле учурда практик журналисттер менен жолугушуу өткөрүүгө,  өндүрүштүк практиканынын натыйжалуу уюшулуп студенттердин журналисттик жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга жана өстүрүүгө айрыкча басым жасалган.  Талантуу журналисттерди тарбиялап чыгарууда зор салымын кошкон Т.Мамбетсариев, М.Сасыкулов, С.Жигитов, А.Камилов,  Р.Орозалиева сыяктуу мыкты педагогдор  эмгектенген.  

history jur fak 01

1994-2017-жылдар

Ал эми 1994-жылдын апрель айынан баштап кыргыз филологиясы факультетинин курамынан журналистика бөлүмү бөлүнүп чыгып, өз алдынча факультет болуп калды. Факультеттин курамында басма сөз жана телерадиожурналистика кафедралары түзүлөт. 2009–жылы жарнама иши жана коомчулук менен байланыш кафедрасы уюшулган.

Бул жылдары журналист адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу максатында стандартты иштеп чыгууга, факультетттин материалдык-техникалык базасын түзүүгө өзгөчө маани берилет.  Факультет мыкты кадрдык курамы менен бекемделет: Алтын Асанова М.Ломоносов атындагы ММУнун журналистика факультетинде аспирантурада окуп, кандидаттык диссертациясын жактап келип, басма сөз кафедрасын жетектеп калат.  Телерадиожурналистика  кафедрасы белгилүү журналист  Бүбүкан Досалиева  башкаруусунда иш алып барат.

Абдыганы Халилов  журналдык басылмаларды иликтөө менен Туркиядан Ph доктор наамына ээ болот. Мыкты профессорлор, кесипкөй адистер  Кадыркул Өмүркуловдун, Манасбек Мусаевдин факультетке келиши  келечек журналисттерди даярдоонун деңгээлин көтөрүүгө чоң өбөлгө болду. Ошондой эле  окутуучулар курамы М.Ломоносов атындагы  ММУнун журналистика факультетинин бүтүрүүчүлөрү Р.Жумалиева. А.Тюменбаев, А.Дуйшекеева сыяктуу кадрлар менен толукталды.

Photo003 History jur fak

Ошондой эле мыкты практик журналисттер, профессорлор Б.Сутенова, А.Матисаков, Б.Тагаев, доцент Ш.Костюк, окутуучулар  О.Токтосунов, Т.Чабдарова, Ч.Капарова  сыяктуу кадрлардын эмгектениши  студенттердин талантын, шыгын арттырды.

Факультетттин профессордук окутуучулар курамынын  сапаттык көрсөткүчү бир топ жакшырды:  илимдин эки доктору, 10дон ашык илимдин кандидаттары эмгектенет.  Алардын арасында журналистика (10.01.10)багыты боюнча жактагандар:  профессор  Н.К.Джумагазиева, доценттер А. Д.Халилов,  А.Т.Дуйшекеева, М.Мырзагулов, ага окутуучу Ж.Акматбекова.

Журналистика факультетинин декандары

Факультеттин биринчи декандыгына көп жылдык тажрыйбасы бар ардактуу профессор Токтосун Мамбетсариев дайындалып, андан соң 1995-1998-жылдары филология илимдеринин кандидаты Аниса Бөрүбаева жетектеди. 1998-1999-жылдары ф.и.к., доценттер Болот Токтосунович Мамбетсариев, В.Е.Кульчицкий, профессор Лидия Васильевна Михайлова башкарышты. 1999-2000-жылдары филология илимдеринин доктору, белгилүү тилчи Сыртбай Мусаев жетекчилик кылган. 2000-2003-жылдары факультет филолигия илимдеринин доктору Жылдыз Бакашеванын жетекчилигинде иш алып барса, 2003-2005- жылга чейин Асель Исаева, 2005-2007-жылдары педагогика илимдеринин доктору Нурлана Ахметова декандын милдетин аткарып келишти.

2007-2015-жылдары  факультеттин деканынын кызматын 30 жылдан бери  факультетте иштеп келген,  Түркиядан журналистика багыты боюнча кандидаттык ишин жактаган Абдыганы Дарманбекович Халилов аркалады.  Ал эми 2015-жылдын октябрь айында факультеттин деканын милдетин аткаруучу болуп, доцент А.Т.Дүйшекеева дайындалган. 2017-жылдын январь айында  жалпы жамааттын көпчүлүк добушуна ээ болуу менен А.Дуйшекеева декандык кызматка шайланган.

Илимий иштер жана гранттар менен иштөө

Факультеттин  окутуучулары журналистиканын, жарнама жана коомчулук менен байланыш маселелерине арналган илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышат, илимий макалаларды жазып, жарыялап жана факультетте ар кандай иш чараларды өткөрүп турушат: медиафорум, “тегерек стол”, мастер-класс, тренинг, конференциялар.

Журналистика факультетинин кафедралары  Ж. Баласагын атындагы  КУУнун илимий-изилдөө иштерине бөлүнгөн  гранттар боюнча конкурстарга катышып, журналистика,  жарнама жана коомчулук менен  байланыш багыттарында илимий изилдөөлөрдү активдештирүү жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча иш алып барышууда. Кафедралар төмөндөгүдөй долбоорлор боюнча гранттык колдоого ээ болушкан:     

1. 2011-жылы “Кыргызстандын радиотележурналистикасынын калыптанышы жана өнүгүшү”. Изилдөө иштерин жүргүзүүгө 51,20 миң сом бөлүнгөн. ”Кыргыз радиосунун тарыхы”  окуу куралы жарык көргөн. 4 диктофон алынган (Телерадиожурналистика кафедрасы).

2. “Басма сөз рыногунун мониторинги жана атамекендик прессанын модели жана концепциясын иштеп чыгуу”.. Изилдөө иштерин жүргүзүүгө 80.000сом бөлүнгөн. 2012-жыл (Мезгилдүү басма сөз кафедрасы).

3. “Сүйлөө техникасынын илимий негиздерин жана үйрөтүү методикасын иштеп чыгуу”Изилдөө иштерин жүргүзүүгө 70.628 сом бөлүнгөн. Сүйлөө техникасы боюнча атайын тренинг зал уюшулду. “Журналисттин сүйлөө техникасы”  деген аталыштагы окуу куралы жарык көрдү. 2013- жыл (Телерадиожурналистика кафедрасы).

4. “Телепрограммаларды түзүүнүн чыгармачылык процессинин негиздери”. Изилдөө иштерин жүргүзүүгө 107, 283сом бөлүп берүү каралган. 2014-жыл. Студенттердин күчү менен “Манкурт” фильми тартылган (Телерадиожурналистика кафедрасы).

5. “Ж.Баласагын атындагы КУУнун имиджин изилдөө жана Кыргызстандын билим берүү рыногунда алга жылдыруу”.Изилдөө иштерин жүргүзүүгө 185 миң сом бөлүнгөн.  2017-жыл (Жарнама иштери жана коомчулук менен байланыштар кафедрасы).

Журналистика факультетинин материалдык-техникалык базасы

Компьютердик борбордун курамында 3 компьютердик бөлмө бар. Анын базасында  информатика жана профилдик предметтер боюнча сабактар өтүлөт. Борбордо студенттер негизинен аудио-видеоматериалдарды монтаждаганды, газетаны версткалоо, рекламалык жасалга боюнча веб-дизайнпрограммаларын үйрөнүшөт.

Ушул эле жерде факультеттин “Пресс-борбору” жайгашкан. “Пресс-борбордун” кабарчысы Жылдыз Туратбекова факультетте болгон жаңылыктарды университеттин сайтына, журналистика факультетинин фейсбук баракчасына өз убагында сүрөттөрү менен жарыялап турат.

Факультеттин радиостудиясы ЮНЕСКОнун Борбордук Азияда телекоммуникацияны өнүктүрүү багытындагы атайын техникалык гранттын негизинде, радио журналист кадрларды даярдооонун сапатын жакшыртуу максатында  1995-жылы уюшулган. Студия талапка ылайык зарыл техникалык жабдуулар менен камсыз болот. Натыйжада танапис учурунда студенттер окуу имаратынын ичинде  радио программаларын уктуруп турууга мүмкүнчүлүк алышкан.

2011-2013-жылдары радиостудиядан даярдалган программалар эфирге  Манас  Кырыз–Түрк университетинин “Манас-FM” радиосунун эфир жыштыгынан  тартуулана баштаган. Тажырыйбалуу  радиожурналист  А.С.Кудайбергенованын жетекчилиги менен  студенттер  “Баласагын булагы”  деген аталыштагы  бир сааттык программаны факультеттин студиясында жызышып,  жума сайын  “Манас-FM”  радиосунун толкунунда эфирге алып чыгып турушту.   Ал эми  радиопрограмманын орус тилиндеги чыгарылышынын   редактору  улук окутуучу  Ш.Эшанкулова  болгон. 

2014-2016-жылдары Улуттук университеттин сайтына “радиожурналистика”  адистешүүсү боюнча 3 курстун студенттери “Баласагын” радиосунун 30 минуталык уктуруусун коюп турушту.

2016-2017-окуу жылында  Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы боюнча студенттер билим берүү чөйрөсүнө байланыштуу  актуалдуу  проблемаларды талкуулаган бир сааттык түз эфир менен  “Манас-FM” аркылуу жума сайын эфирге чыгышты.

Учурда пилоттук долбоордун  алкагында Улуттук университеттин  эл аралык кызматташуу департаментинин  жардамы менен жабдууларды жаңылоо боюнча  аракеттери жүрүп жатат. Келечекте радиоуктуруулар менен  интернет мейкиндигине чыгууга максат коюлууда.

Факультеттин телестудиясы 1997-жылы уюштурулган.ЮНЕСКОнун Борбордук Азиядагы телекоммуникацияны өнүктүрүү багытындагы колдоо долбоорунун алкагында телестудия уюштурулуп,  ошол кездеги акыркы үлгүдөгү видеоппаратура, монтаждык стол,  олтургуч-эмеректер менен камсыз болгон. Бул техникалык базаны колдонуу менен журналистика факультетинде окутуучулардын жана студенттердин алгачкы фильмдери, сюжеттер жаралган. Айталы, киносценарист Кадыркул Өмүркулов, белгилүү оператор  Манасбек  Мусаевдин  авторлугунда университет жөнүндө “Очаг благодатных знаний” деген  документалдуу фильм,  Олег Гречко башында турган студенттердин тобу  “Дуэль” фильмин  тартышкан.

Бирок, техника тез эле эскирип, жаңылоону талап кылгандыктан Улуттук университет тарабынан 2000-жылдардан тартып  телестудиянын материалдык-техникалык базасын жаңыртууга көңүл бөлүнүп,  профессионалдык  Panasonic NY камераcы, монтаждык стол менен жабдылышы  чыгармачылык менен иштөөгө шарт түзүлдү. Натыйжада “Баласагын–ТВ” студиясында  КУУнун 60 жылдыгына карата 30 минуталык документалдуу фильм,  профессор С. Рустембековдун  70 жылдыгына арналган   “Өмүрдүн өлбөс кербени”  деген 10 минуталык бейнелик зарисовка, “Журналист-педагог М.Сасыкулов” сыяктуу документалдуу сюжеттер, журналистика факультети жөнүндө  информациялык , рекламалык  роликтер  даярдала баштайт.

Мындан тышкары, 2010-жылдын ноябрь айынан тартып 2014-жылдын декабрына чейин  факультеттин бүтүрүүчүсү Н.Сыдыгалиевдин  колдоосунун натыйжасында студенттер даярдаган жалпы алганда  200 сааттык  сюжеттер Смарт-ТВ каналында эфирге  чыгарылган. Бул берүүлөр окутуучулар Ү.Жанузакованын жана Р.Шаршембиеванын жетекчилиги менен даярдалып,  студенттер өздөрүнүн креативдүү идеаларын “Баласагын – ТВ” студиясын программаларында ишке ашыра алышкан. Студенттер даярдаган программалр “Смарт – ТВ”  каналынын эфиринде ай сайын тартууланып турган.

Ошондой эле 2013-жылы факультетте 4 курстун студенттеринин  жардамы менен Ч. Айтматовдун  чыгармасынын негизинде “Манкурт” көркөм  тасмасы  биринчи жолу (28 минута) тартылган. Бул фильмдин бет ачары атайын салтанат менен өткөрүлүп,  социалдык тармактарга коюлган.

Учурда “Тележурналистика” профили  жана “Телевидение” багыты боюнча билим алган студенттер Panasonic HY үлгүсүндөгү 3 камераны, монтаждык стол практикалык сабактарына кеңири пайдаланылып келет. Касеталык эки камераны “Баласагын ТВ” аталышын алып жүргөн факультеттин телестудиясында кыскача телесюжеттерден тартып кыска метраждуу көркөм фильмдер, документалдуу фильмдер, юбилейлик телеочерктер даярдалып жатат. “Баласагын-ТВ” студиясы 5 минуталык көлөмдөгү циклдик көрсөтүүлөрдү даярдап Улуттук университетинин сайтына коюуда. Анын биринчи чыгарылышы  университеттеги спорт темасына арналды. Экинчи чыагрылышы “Университетте эмнени өзгөрткүң келет?” деп аталды.

2017-жылдын жаз айларында “Баласагын ТВ” студиясынын жаңы жасалгасы “KG групп” компаниясынын демөөрчүлүгүндө ишке ашты. “KG групп” компаниясы студияга ток-шоу программалары үчүн студиянызаманбап стилде жасалгалап берди. Ал эми ушул эле компаниянын өнөктөшү Мирлан Капаров жаңылыктар студиясын жасалгалоого көмөктөштү.

Компаниянын жетекчиси Имамимдин Ташов кайрымдуулук иш аракеттери менен да белгилүү инсан. Студенттер жана факультеттин жамааты факультеттин демилгесин колдоого алып, студенттердин практикалык жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүүгө, мыкты адистерди даярдоогомеценат катарында  өз салымын  кошкон кыргыздын уулу Имамимдин Ташовго терең ыраазычылык билдирди.

“Баласагын ТВ” студиясынын аянтчасында “Сүйлөө техникасы” боюнча тренинг-зал КУУнун ички грантынын негизинде уюшулган. Бул жерде  болочок телерадио журналисттер  үчүн “Журналисттин сүйлөө техникасы” жана “Вокалдык жөндөмдүүлүк” предметтерин өтүү үчүн шарттар түзүлгөн.

Өндүрүштүк практика  жана ММК менен келишимдер

Факультетте студенттердин өндүрүштүк практиканы натыйжалуу уюштурууга олуттуу мамиле жасалат.  Биринчи курста Кыргызстандагы ММКлардын редакциялары менен таанышуу  үчүн атайын окуу-таанышуу практикасы өткөрүлөт. Ал эми 2-3курстарда студенттер өндүрүштүк практикасын ар кандай ММКдын редакцияларында өтүшөт, өзүнүн жеке жөндөмдүүлүктөрүн  сынап көрүшөт. Ал эми 4 курста өздөрү тандап алган профилдер боюнча  темасына ылайык  материалдарды топтоо үчүн дипломдук ишти жактоо алдындагы практикага барышат.

Учурда студенттердин  өндүрүштүк практикасын өткөрүү боюнча КТРК, ЭлТР каналдары, “Киртаг” маалымат агенттиги, “Кабар” Улуттук маалымат агенттиги,  “Санат” ТРКсы, “Лизард” жарнама агенттиги, “Жетиген” журналы,   “Эркин Тоо”, “Кыргыз туусу”, “Кут билим” газеталарынын редакциялары менен менен келишим түзүлдү. Бүгүнкү күндө ушундай эле келишимдерди түзүү боюнча     “Пирамида” , СТВ каналдары, “Марал - ФМ”, “Манас жаңырыгы”, “Санжыра” радиолору, интернет -сайттар  менен иштер жүрүп жатат.

“Санат” телекампаниясы менен биргеликте “Билгим келет” агартуучулук программасы үчүн “Газета деген эмне?”, “Радиону ким ачкан?”, “Телекөрсөтүү качан пайда болгон?”, “Жарнаманын келип чыгышы” деген циклдик 5 минуталык сюжеттерди даярдоо долбоорунун үстүндө иш сунушталган. Учурда 4-5 сюжет даярдалды.  “Санат” ТРКсы, “ЭлТР” журналист кадрларды  бирге даярдоо боюнча кызыкдар экендигин билдиришти.

Факультеттин тышкы  байланыштары

Ж.Баласагын атындагы журналистика факультети кесипкөй, жогорку билимдүү мыкты адистерди даярдоодо тажырыйба алмашуу жана кызматташуу максатында Украинанын Т.Шевченко атындагы Улуттук университети, РФнын биринчи президенти Б.Ельцин атындагы Урал федералдык университети, академик М.Решетнев атындагы Сибирь Мамлекеттик аэрокосмостук университет  менен өз ара кызматташууга жетишилген. Ошондой эле факультеттин   М.Ломоносов атындагы  Москва Мамлекеттик университети, Санк-Петербург университети, Ростов-на-Дону Мамлекеттик университети(Россия), Ал-Фараби атындагы  Казак  Улуттук университети, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Абылай хан атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университети (Казахстан)  менен салтка айланган көп жылдардан берки байланыштары бар

Жогоруда аты аталган университеттер менен окуу планын алмашуу, студенттерди окутуу, окутуучуларды стажировкадан өткөрүү,  илимий-практикалык конференцияларга катышуу сыяктуу иш чаралар жүргүзүлүп турат. Айталы, Т.Шевченко атындагы Улуттук университетинин, М.Ломоносов атындагы ММУнун журналистика факультеттеринин “журналистиа” багыты боюнча  окуу пландары, стандарттары менен таанышуу, тажырыйба алмашуу жүргөн.

“Сорос-Кыргызстан”  фондунун жардамы менен Ростов- на-Дону Мамлекеттик университетинин профессорлору В. Станько, А. И.Акопов  журналистиканы окутуу боюнча методикалык семинар-тренинг өткөрүп беришкен. Ошол эле учурда  “Сорос-Кыргызстан” фонду журналистика, жарнама, коомчулук менен байланыш боюнча 1500 аталыштагы зарыл  болгон окуу китептери менен факультетти камсыз кылган.

Ал эми 2014-2016-жылдардын аралыгында Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде У. Джанузакова, Э. Кылычбаева, Дж. Мамышева, Л.Калчаева, Т.Токторбаева, Б.Асанова сыяктуужаш окутуучулар стажировкадан өтүп сертификат алышкан.  Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин базасында уюштурулган тренинг-семинарларга мезгилдүү басма сөз кафедрасынын  окутуучулары катышып, сертификатка ээ болушту. Мындай семинар-тренингдерге  факультеттин студенттери да катышып турат.

М.Ломоносов атындагы университетте “журналистика” адистиги боюнча студенттерибиз Т. Дооров, Х.Алымбаева, Ростов-на-Дону Мамлекеттик университетинин магистратурасын С. Шералиева    окуусун улантып, ийгиликтүү бүтүрүшкөн. Атап айтсак,  Төрөркул Дооров “Азаттык” радиосунда, Харуми  Алымбаева, Света Шералиева  Кыргызстандын университеттеринде окутуучулук кесипти аркалап үзүрлүү эмгетенишүүдө. 2017-жылы студенттерибиз Айдарова Ыкыбал, Түгөлбай кызы Айжамал Урал федералдык университетинде магистратураны ийгиликтүү бүтүп келишти. Учурда “Жарнама жана коомчулук менен байланыштар” багыты  боюнча  бакалаврды  бүтүргөн Анипа Дулатова, Уран Аалиев, Айчүрөк Калыкбекова  сыяктуу студенттерибиз  академик М. Решетнев атындагы Сибирь Мамлекеттик аэрокосмостук университеттин магистратурасында билим алып жатышат.

Мындан тышкары журналистика факультети К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин, Махмуд Кашгар-Барскани атындагы Чыгыш университетинин, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-славян университетинин, И. Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин журналистика факультеттери жана бөлүмдөрү менен Кыргызстандын коммуникаторлорунун Ассоциациясынын алкагында тыгыз кызматташат.

Ассоциацияда  “Журналистика”, “Жарнама жана коомчулук менен байланыштар”, “Телевидение”  багыттары боюнча мамлекеттик стандарттарды талкуулап, аны жакшыртуу маселелерин  бирге чечүүгө аракеттер жасалат. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча  семинар-тренингдер өткөрүлүп, биргелешип окуу куралдарын жазуу боюнча иш чаралар жүрүп жатат. 2017- жылдын август айында АУЦАнын демилгеси менен  Бүткүл дүйнөлүк коммуникаторлордун Ассоциациясы өткөргөн "Мировые конфликты и бедствия: коммуникация, культура и резолюция" деген эл аралык  конференцияда доценттер А.Дүйшекеева, Г. Сыдыкова  пленардык отурумдарда докладдары менен чыгып сүйлөшкөн.

Учурда журналистика факультети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин стратегиялуу түзүмдөрүнүн бири болуп эсептелет. Журналистика факультетинин структурасында деканат 3 кафедра,  компьютердик борбор, телестудия, радиостудия  бар. 2015-жылы факультетте  Пресс-борбор, студенттик өзүн өзү башкаруу уюму Студенттик комитет уюшулду. Ошондой эле чыгармачыл жаштардын башын бириктирген “Бүчүр” клубу иш алып барат. Күндүзгү бөлүмдө 500дөн  жана сырттан окуу  бөлүмүндө 40тан ашык  студент, магистратурада 44 магистрант,  аспирантурада  5 аспирант окуйт.