Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфактын студенти видео-роликтер сынагында 2-орунду ээледи

2017-жылдын_12-майында башкы имараттагы 152-дарсканада республикалык ден соолукту чыңдоо борбору жана USAIDдин "Туберкулезду жеңебиз" проекти_тарабынан студенттер арасында уюштурулган социалдык видео роликтер сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.

Сынактын жыйынтыгында Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Эльдияр Кадыров_1-орунга, Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенти Талантбек уулу Нургазы_2-орунга, Кыргыз улуттук искусство институтунун студенти Кадырова Адина_3-орунга ээ болушса, факультет студенттери Перизат Майрамбек кызы, Айдана Эмилбекова жана АУЦА студенти Зарнигар Абдуллаева атайын белектерге ээ болушту.

Сынактын негизги максаты - кургак учук оорусунун белгилери, жугуу жолдору, алдын алуу жана дарылоо тууралуу калкка кенен маалымат берүү, о.э. калк арасындагы кургак учук менен ооругандарга кодулоону жана басмырлоону жоюу болду.

01

02

03

04

05

06

press knu 2017