Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 11.04.2017 отуруму

002017-жылдын 11-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин №7-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:Â

1. КУУнун 85 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чаралар

2. КУУнун ректорун шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин курамын бекитүү

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Эрмека Лайлиева чыгып сүйлөдү. Ал КУУнун тарыхына кыскача токтолуп, үстүбүзөгү жылы Улуттук университетке 85 жыл толоорун билдирди жана ал мааракени тосуу боюнча өз сунушун айтты. Анын айтымында, 2007-жылдын 11-июнунда кабыл алынып, 2009-жылдын 30-апрелинде жана 2013-жылдын 19-февралында түзөтүүлөр киргизилген_"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар" тууралуу мыйзамга ылайык жалпы улуттук масштабдагы юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Президенти же Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат, ал эми аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети жана иш-чаралардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Эң негизгиси - жалпы улуттук масштабдагы юбилейлик даталар катары 25, 50, 60, 70 ж.б. жылдык мааракелер эсептелинет, о.э. ал иш-чараны өткөрүүгө жумшалчу каражаттар келерки жылдын бюджетинде каралат.

- Ошондуктан, жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, КУУнун 85 жылдык мааракесин жалпы улуттук масштабда эмес, университеттик масштабда эле өткөрүү максатка ылайык, - деп билдирди Эрмека Лайлиева.

КУУнун ректорун шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы боюнча юридикалык бөлүмдүн башчысы Рустиван Токтоналиев билдирүү жасап, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен Чынара Адамкулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ректорлук кызматтан бошотулуп, Билим берүү жана илим министрлигинин 5-апрелдеги №55/4 буйругу менен Канат Садыков КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

- Кыргыз Республикасынын "Билим берүү" жөнүндө мыйзамына жана "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоо тартиби тууралуу жобого" ылайык, мурдагы жетекчи мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен учурда жаңы жетекчини шайлоо мурдагы жетекчинин ыйгарым укуктары аяктаган күндөн тартып 60 күндүн ичинде өткөрүлүшү керек.

- Жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоону өкөрүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт. Анын курамы жана түзүү тартиби окуу жайдын окумуштуулар кеңеши тарабынан_мурдагы жетекчинин ыйгарым укуктары аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн аралыгында аныкталат жана министрлик тарабынан 3 календардык күндүн ичинде бекитилет._Уюштуруу комитетинин курамына КУУнун өкүлдөрүнөн башка, министрликтин жана негиздөөчүлөрдүн өкүлдөрү да кирет.

КУУнун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүнөн кийин, факультет жетекчилери уюштуруу комитетинин курамына өз өкүлдөрүн сунушташты.

press knu 2017