Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педфактын доценти Алматыдагы эл аралык илимий конференцияга катышып келди

Педагогика факультетинин доценти, п.и.к. Сулайманкулова Жамила 2017-жылдын 28-апрелинде Алматыдагы Казак кыздар педагогикалык университетинин профессору, п.и.д. Аймагамбетова Казна Аймагамбетовнанын 80 жылдык мааракесине арналган «Азыркы мектепке чейинки жана мектеп билим берүүсү: теория, методика, тажрыйба» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып,_«Кенже класс окуучуларын толеранттуулукка тарбиялоодо этнопедагогиканын ролу» аттуу актуалдуу темада доклад окуду жана катышуучулар менен илимий, педагогикалык тажрыйба алмашып кайтты.

Конференцияга Турция, Россия, Ѳзбекстан, ал эми Кыргызстандан Ата-Түрк университетинен, Улуттук илимдер академиясынан окмуштуулар_катышып, билим берүүдѳгү кѳйгѳйлүү маселелер боюнча ѳздѳрүнүн кызыктуу докладдарын окушту.

IMG-20170428-WA00081

IMG-20170428-WA00101

IMG-20170428-WA00111

IMG-20170501-WA0027-21

press knu 2017