Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Мен - таза шаар үчүн!

Математика жана информатика факультетинин студенттери_«Мен - таза шаар үчүн»_деген демилге менен шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошууда._Бул акция май айынын аягына чейин уланмакчы.

Студенттер факультеттик деңгээлде кафедраларды,_компьютердик класстарды,_аудиторияларды, ал эми университеттин деңгээлде Абдымомунов жана Умөталиев көчөлөрүнүн кесилишин тазалашты.

22-апрелде «Бурана» комплексине жана_8-майда «Ала-Арча» паркына боло турган жүрүшүбүздө жөн гана экскурсия менен чектелбестен, ал жердин айлана-чөйрөсүн да тазалыкка келтирүү пландалууда.

Мындай иш-чараларды жүргүзүү үчүн дайыма Исхак Раззаковдун_«Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деп айткан сөзүн эске алсак, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууда туура багыт алабыз.

IMG-20170420-WA0030

IMG-20170420-WA0034

Усаров Нурмухаммед - факультеттин студенттик кеңешинин төрагасы