Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Ыймандан дил тазарат

2017-жылдын 21-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин «Манас» өргөсүндө «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата «Ыймандан дил тазарат» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйындын ачылышында факультет деканы, доцент Б.Жайлообаев, п.и.д., профессор Ж.Чыманов сөз сүйлөштү.

Студенттер кыргыз тили,_кыргыз адабияты, салыштырма лингвистика жана дүйнөлүк адабият, филологиялык билим берүүнүн технологиялары секцияларына бөлүнүп, докладдарын окушту. Аларга жетекчилер тарабынан баа берилип, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор ыйгарылды.

Конференция салыштырма лингвистика жана дүйнөлүк адабият кафедрасы тарабынан уюштурулуп, доцент Токушева Тамара жетектеди. Иш-чарага кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринен сырткары химия, журналистика жана башка факультеттердин студенттери катышты.

01

02

03

04

05

Токтакунова Медина - факультеттин 2-курс студенти