

МжМБ факультетинин студенти МЖИДТжС агенттигинин сертификатына ээ болду
24.04.2017 16:43
Мамлекеттик жaна муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенти Жайнагул Ашырахманова жаштар саясатын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугу үчүн КР Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агентигинин сертификатына ээ болду.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи Жогорку Кеңеште өтүп, ага вице-спикер Сейитбекова_А.О, депутаттар: Бокоев К.С, Никитенко Н.В, Строкова_Е.Г, Жапаров А.У, Акаев Ж.К, о.э. аталган агенттиктин төрагасынын орун басары Парханов Мирлан катышты.
Жайнагүл Ашырахманова_азыркы учурда Республикалык дебат борборунда тренердик топтун мүчөсү, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине 25-жыл" дебаттык турниринин жеңүүчүсү, факультеттеги студенттик кеңештин мүчөсү. Ал университетте болуп жаткан баардык иш-чараларга активдүү катышып, өз салымын кошуп тим болбостон, өлкөбүздө болуп жаткан жаштар иш-чараларында да өз көз карашын, жарандык позициясын эркин билдирип келет.
Жайнагүл 2016-жылдын сентябрынан тарта активдүү жаштардан түзүлгөн “Жаштар парламенти - 2016” долбоорунун ийгиликтүү бүтүрүүчүсү, “ЭкоПлюс”_инициативдүү жаштар командасынын түптөөчүлөрүнүн бири, бир катар коомдук уюмдарда мүчө, ыктыярчы. Бош убактысында жеке ишмердүүлүккө кызыгат. Азыркы учурда өзүнө таандык “By Jaina” чакан дүкөнү менен алектенет. Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон татыктуу мамлекеттик кызматкер болгусу келет
Аманбай уулу Ыбрайым - факультеттин Студкеңешинин төрагасы