Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

“Адептүү коом” уюмунун мүчөлөрү Токмок шаарына барып келишти

15-апрель күнү Кыргыз Улуттук университетинин_журналистика, социалдык жана гумантиадык илимдер, о.э. юридика факультеттеринин студенттеринен куралган_“Адептүү коом” жаштар уюмунун мүчөлөрү Токмок шаарына барып келишти

Алар эртеңки күндүн кесип ээлери болгон мектеп окуучуларына Улуттук университет, анын факультеттери жөнүндө маалымат беришип, суроо-жооптон турган_кызыктуу маек уюштурушту. Андан соң, эс алуу максатында Бурана тарыхый археологиялык комплексине_барып, карт тарыхтын_бир элеси менен таанышкан соң, “Бейкут” балдар үйүнө барып, алардын имаратынын ремонту үчүн пластик терезелерди жана_алып барышкан белек-белчектерин_тапшырышып, оюн-зоокторду уюштуруп тарбиялануучулардын_көңүлдөрүн көтөрүп кайтышты.

“Адептүү коом” жаштар уюмунун бул кайрымдуулук акциясын өткөрүүгө “Спейстайль” ЖЧКсы (генералдык директору А.К.Узенов, директору З.К.Алымова), шаардык оорукананын_башкы наркологу_Р.К.Байбуриева жана КУУнун илимий иштер боюнча проректору Э.Ж.Лайлиева каржылык колдоолорун көрсөтүштү.

01

02

03

04

05

06

press knu 2017