

Матфакта мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү
05.04.2017 08:58
2017-жылдын 4-апрелинде №6-окуу имаратындагы спорт залда математика жана информатика факультетинин "Деканынын кубогун" жеңип алуу үчүн мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Мелдешке факультеттин студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышты.
Апрель баатырларын эскерүү багытында КУУда өтүкөрүлүүчү мини-футбол боюнча турнирге катышуучу факультеттин курама командасына мыкты футболчуларды тандоо максатында өткөрүлгөн бул иш-чараны КиИТ кафедрасынын ага окутуучусу Жүндүбаев Азим агай жана студенттик кеңештин координаторлору Турганбаев Бексултан, Асылбеков Кемел уюштурушту.ÂÂÂÂ
Турнир аябай кызыктуу өтүп, жеңүүчү командаларды факультеттин деканы, профессор Темиров Бекжан Кайыпбекович кубок жана дипломдор менен сыйлады.
Белгилеп кетчү нерсе - мелдештин башынан аягына чейин спорт залда Кыргызстандын Мамлекеттик туусу жана факультеттин желеги желбиреп турду. Бул - МИиК факультетинин студенттеринин Мекенге болгон сүйүүсү күчтүү экенин көрсөтүп турат.
Н.Усаров - факультеттин студенттик кеңешинин төрагасы