

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенти "Намыс” стипендиясына татыктуу болду
25.03.2017 08:16
Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында коомдук ишмер жана меценат А.Салымбеков негиздеген “Прогрессивдүү демилгелер фонду” коомдук фонду тарабынан уюшулган “Намыс атайын стипендиясынын жеңүчүлөрү аныкталып, эң мыкты студенттердин аттары жарыяланды.
Уюштуруучулар белгиленгендей, “Намыс” стипендиясы студенттердин жана магистранттардын окуудагы жана практикалык ишмердүүлүгүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү максатында берилет.
Бул жылы Кыргызстандын бардык аймактарынан 35 студент мыкты деп табылып, ай сайын төлөнүүчү 2000 сом стипендияга татыктуу болушту. Алардын катарын тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 4-курс студенти Нургазы уулу Данияр да толуктады.