Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 29.03.2017 отуруму

00

2017-жылдын 29-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин №6-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, _КУУнун ректору,_профессор_Чынара Адамкулова_алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

1. КУУнун студенттери үчүн тарбия жана маданий иш-чараларын өткөрүүнүн абалы жана аны жакшыртуу боюнча аракеттер.

2. Кадрлар менен иштөө жана окутуучулар курамынын сапатын жакшыртуу

3. КУУнун факультеттеринин кесип тандоого багыт көрсөтүү иштерин жүргүзүүнүн планын түзүү жана бекитүү.

4. Ар түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев чыгып сүйлөп,_2016/2017-окуу жылында аткарылган_таалим-тарбия жана маданий-массалык иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, бул багытта жетишкендиктер менен катар айрым өксүктөр да бар. Аталган кемчиликтерди чечүү үчүн окуу дисциплиналарынын таалим-тарбиялык компоненттерин жана жатаканада жашаган студенттердин арасында таалим-тарбия иштеринин мазмунун жана формаларын өркүндөтүү зарыл.

Кадрлар менен иштөө жана окутуучулар курамынын сапатын жакшыртуу тууралуу_кадрлар бөлүмүнүн башчысы Маргарита_Мусаева доклад жасады.

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча КУУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов баяндама жасап, кесип тандоого багыт көрсөтүү иштеринин жүрүшү жана кабыл алуу комиссиясынын кээ бир укуктук-нормативдик документтери тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. журналистика факультетинин аксакал окутуучусу Бегалы Тагаевди "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына” көрсөтүүгө жана Япониядагы Огава университетинин кафедра башчысы_Кайичи Огава мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгарууга макулдугун беришип, "КУУнун студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү жөнүндө" жана "КУУнун ректораты жөнүндө" жоболорду бекитишти.

press knu 2017