Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 22.02.2017 отуруму

00

2017-жылдын 22-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин №5-отуруму болуп өттү._КУУнун ректору, аталган кеңештин төрагасы, профессор_Чынара Адамкулова_алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

1. 2017/2018 окуу жылына кабыл алууну сапаттуу уюштуруу

2. 2016-2017-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыктары.

3. Ар түрдүү маселелер

Күн тартибиндеги алгачкы 2 маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев баяндама жасап, 2017/2018-окуу жылына кабыл алууну уюштуруу боюнча жана_2016-2017-окуу жылындагы_кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Проректордун айтымында, кабыл алууну уюштуруу - университет үчүн эң негизги маселе. Себеби, келген абитуриенттердин санына жана сапатына жараша университет алдыга койгон максаттарына жетише алат. - Ошондуктан, бардык факультеттердин жетекчилери кабыл алууну уюштурууга жигерлүү катышышы абзел, Ал үчүн факультеттер тууралуу үгүт материалдарын даярдоо, видеороликтерди жаратуу, жер-жерлерге үгүт иштерин жүргүзүү ар бирибиздин милдетибиз, - деп билдирди Урмат Аманалиев..

Кышкы сессиянын жыйынтыгы боюнча проректор төмөндөгүлөрдү белгиледи:

-_КУУда билим берүү ишмердүүлүгү күндүзгү, сырттан_кечки окуу формалары боюнча 22 факультетте, 5 колледжде жана 1 гимназияда ишке ашырылат.

_- Окутуунун жыйынтыгын объективдүү баалоо жана жайкы сынактык сессиянын жыйынтыгын чыгаруу маселеси, алынган билимдин сапатынын негизги көрсөткүчү катарында, өзгөчө актуалдуу.

- Окутуунун кредиттик системасы боюнча билим берүү ишмердүүлүгү 55 багыт жана 5 адистик, о.э. 36 магистрлик багыт боюнча ишке ашырылат.

Күндүзгү окуу формасында студенттердин жетишүүсү - 60, 94%, ал эми орто кесиптик билим берүү боюнча - 38% түздү.

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү КУУнун төмөндөгү кызматкерлерине окумуштуу наамдарды ыйгарууга макулдугун беришти:

1. Хоролец Елена Георгиевна - тарых илимдеринин кандидаты, "доцент" наамына;

2. Ботобеков Арстаналы - экономика илимдеринин доктору, "профессор" наамына;

3. Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич - социология илимдеринин кандидаты, "доцент" наамына;

4. Рыспаев Амантур Орозалиевич - физика-математика илимдеринин кандидаты, "доцент" наамына...

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э._юридика илимдеринин кандидаты Сманов Койчуке Дербишалиевичтин "Кыргыз Республикасындаы кылмыш-процессуалдык укук" окуу китебин_министрликтин грифи менен чыгарууну,_юридика илимдеринин кандидаты Шамйлов Максат Шамиловичти Кыргыз "Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйлоону жана Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакуновичти "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" наамына сунуштоо боюнча Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын май айындагы чечимин кайра бекитүүнү колдошту.

Жыйындын катышуучулары май айынын экинчи жарымында өтө турган кафедра башчыларын шайлоо боюнча да ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.

press knu 2017